Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Ubuntu

Википедия — ачык энциклопедия
Ubuntu
Ubuntu 18.04 "Bionic Beaver"
Иштеп чыгуучуCanonical Ltd., Ubuntu жамааты
ОС бүлөсүLinux
Иштөө абалыАзыркы
Баштапкы код моделиАчык баштапкы код (айрым өзгөчөлүктөр менен)
Биринчи чыгарылышы20-октябрь 2004-ж;21жылs мурун (2004-10-20)
Акыркы стабилдүү чыгарылышыUbuntu 18.04 LTS/ 26-апрель 2018-ж;7жылs мурун (2018-04-26)
Акыркы сыноодогу чыгарылышыUbuntu 18.04 LTS Beta 2/ 6-апрель 2018-ж;7жылs мурун (2018-04-06)
Базардык багытыПерсоналдык компьютерлер, серверлер, булутта эсептөө, буюмдар интернети
Тилдердин саны55 тилден көп
Жаңыртуу методуAPT (Software Updater, GNOME Software)
Пакет тейлегичиdpkg, Snappy
ПлатформаларI386, IA-32, AMD64; ARMhf (ARMv7 + VFPv3-D16), ARM64; Power, ppc64le; s390x
Өзөк түрүМонолиттик (Linux)
Колдонуучунун мейкиндигиGNU
Колдонуучу интерфейсиGNOME, Ubuntu Unity (11.04-17.04)
ЛицензиясыЭркин программалык камсыздоо лицензиялары
(негизиненGPL)
Сайтыubuntu.com

Ubuntu ([ʊbʊntuː]; зулу тилинен алынган, "адамзат" деген мааниге келет; "Убунту") — Debian GNU /Linux-ка негизделгеноперациялык система. Негизги иштеп чыгуучусу жана демөөрчүсү Canonical компаниясы болуп саналат. Долбоор азыр эркин коомчулук тарабынан колдоого алынып, өнүктүрүлүп жатат.

Жалпы маалыматтар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Canonical-дын белгилешинче, Ubuntu'ну болжол менен 20 миллион киши колдонот. Ubuntu веб-серверлер үчүн Linux'тун дистрибутивдеринин эң популярдууларынын арасында 1-орунда турат. DistroWatch.com сайтына баш баккан колдонуучуларынын саны боюнча (2016-жылдын апрель айында) 3-орунда турат.

Адатта дистрибутивдин жаңы версиялары жарым жыл сайын чыгып, 9 ай бою коопсуздук жаңылануулары менен колдоого алынып турат (13.04 версиясынан тарта, буга чейин колдоо бир жарым жыл созула турган).

Эки жылда бир чыккан LTS версиялары мейли сервердик мейли десктоп варианттары болсун 5 жыл колдоого алынат. (12,04 LTS версиясына чейин десктоп LTS версияларды колдооо мөөнөтү 3 жыл боло турган) Ubuntu бүлөсүнүн башка LTS дистрибутивдерин толук колдоо 3 жылды, системанын негизин (ядро, Xorg жана башка компоненттерин) колдоо болсо, 5 жылды түзөт.

Ubuntu сервер жана иш станциялары үчүн делген программалык камсыздоо жыйнагы менен жеткирилет. Ал жеке үстөл компүтерлерине LiveCD (Desktop версиясы), LiveUSB же тексттик орноткучтун (Alternate версиясы Ubuntu 12.04.2 версиясына чейин жараган) жардамы менен орнотулат. Графикалык гана эмес, тексттик режимде да орнотуу, системаны кайра калыбына келтирүү режиминде жүктөө, толук чектөө мүмкүнчүлүктөрү жана дисктеги көп сандаган пакетин эске алганда LiveDVD версиясынын бир топ артыкчылыктары бар. i386, AMD64, ARM сыяктуу расмий колдоого алынган архитектуралар үчүн версиялар бар. Мындан тышкары, 2013-жылдан баштап, ARM жана x86 архитектураларындагы смартфондор үчүн атайын Ubuntu версиясын иштеп чыгуу башталган.

Өзгөчөлүктөрү

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Ubuntu ыңгайлуу жана жөнөкөй колдонулган система болууга багытталган. Анда sudo утилитасы кеңири колдонулат. Бул утилита колдонуучуга потенциалдык кооптуу суперколдонуучу сессиясын ишке киргизбестен администратордук иштерди аткарууга мүмкүндүк берет.

Релиздери

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Currently supported releases
версиясыкод атырелиз датасычейин жалпы колдоочейин коопсуздук колдоо (ESM).
22.04 LTSJammy Jellyfish2022-04-212027-04Жок
21.10Impish Indri2021-10-142022-07Жок
21.04Hirsute Hippo2021-04-222022-01Жок
20.04 LTSFocal Fossa2020-04-232025-042030-04
18.04 LTSBionic Beaver2018-04-262023-042028-04
16.04 LTSXenial Xerus2016-04-212021-042026-04
14.04 LTSTrusty Tahr2014-04-172019-042024-04

Шилтемелер

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Сырткы шилтемелер

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Ubuntu&oldid=572563" булагынан алынды
Категориялар:

[8]ページ先頭

©2009-2026 Movatter.jp