Swift Objective-C'нин көп өзгөчөлүгүн алган. Бирок ал көрсөткүчтөр менен эмес, компилятор иштеткен өзгөрмөлөрдүн типтери менен аныкталат. Мындай принцип менен көптөгөн скрипт тилдер иштейт. Ошол эле учурда, ал иштеп чыгуучуларга мурда C++ менен Java'да гана жеткиликтүү болгон аныкталуучу аталыш, жалпылоо жана операторлорду которуп жүктөө сыяктуу көптөгөн функцияларды камсыз кылат.
Тилдин айрым функциялары башка тилдердегиге караганда ылдамыраак аткарылат. Мисалы, татаал объектилерди сорттоосу Python'го караганда 3,9 эсе, Objective-C'ге караганда дээрлик 1,5 эсе тезирээк.
Swift'те жазылган код C жанаObjective-C программалоо тилдеринде жазылган коддор менен бир эле долбоордун алкагында иштей берет.