JavaScript (/ dʒɑːvɑːˌskrɪpt /; аббр. JS /dʒeɪ.ɛs./) - көп парадигмалуу программалоо тили. Объектиге багытталган, императивдүү жана функциялык стилдерди колдойт. ECMAScript тилинин (ECMA-262-стандарты) ишке ашырылышы болуп саналат.
JavaScript адатта колдонмолордун объектилерине программалык жеткилик алуу үчүн кыналган тил катары колдонулат. Эң көп браузерлерде веб-баракчаларга интерактивдүүлүк берүүчү сценарий тили катары пайдаланылат.
Негизги архитектуралык өзгөчөлүктөрү: динамикалык типтештирүү, алсыз типтештирүү, автоматтык эс башкаруу, прототиптик программалоо, функциялар биринчи класстын объектилери катары.
JavaScript көптөгөн тилдерге таасир эткен. Иштеп чыгууда максат Java'га окшош, бирок программист эместер оңой колдончу тил жасоо болгон. JavaScript тили эч кайсы компанияга же уюмга тиешелүү эмес. Бул жагынан ал веб-иштеп чыгууларда колдонулган бир катар программалоо тилдеринен айырмаланат.
"JavaScript" аталышыOracle Corporation компаниясына катталган товар белгиси болуп саналат.
JavaScript объектиге багытталган тил болуп саналат, бирок тилде колдонулган прототиптөөдөн улам объектилер менен иштөөдө класска багытталган салтуу тилдерден айырмалар бар. Мындан тышкары, JavaScript'тин функциялык тилдерге мүнөздүү бир катар касиеттери бар - мисалы, функциялар биринчи класстын объектилери катары, объекттер тизме катары, карринг, жашыруун функциялар, тилге кошумча ийкемдүүлүк берген - бириктирүү.
JavaScript'тин C менен синтаксистик окшоштуктары болсо да, андан түп-тамыры менен айырмаланган жактары бар:
- өзүнө-өзү байкоо жүргүзүүчү объектилер;
- функциялар биринчи класстын объектилери катары;
- типтерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү;
- таштандыларды автоматтык түрдө чогултуу;
- жашыруун функциялар.