Facebook — дүйнө жүзүнө кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет.2004-жылыМарк Цукерберг тарабынан негизделген. Натыйжада ушул сайт аркылууМарк Цукерберг 23 жашындапланетабыздынэң жаш миллиардери болгон.Эң биринчи бул веб-сайт "The Facebook" деп аталып, сайтты бир ганаГарварддык университеттин студенттери колдоно алышкан. КатталуунуБостондун башка университеттерине ачып, андан соңАКШнын бардык окуу жайларынын студенттерине жеткен.2006-жылдынсентябрь айынан баштап бардыкИнтернет колдонуучулардын 13 жаштан өйдө, электрондук почталары болгон интернет колдонуучуларга жете баштаган.
Азыркы учурда(2012-ж 4-октябрь) аны дүйнө жүзү боюнча колдонгондордун саны 1 млрд адамдан ашты.Март айында (2012) суткасына 526 млн адам кирип, 500 млн адам айына уюлдук телефондон кире алган.Күн сайын бул тармакта 3,2 миллиард колдонуучу "мага жакты",ой-пикирин билдирип (комментарий) жана 300 миллион сүрөттү жарыялашат.2011-жылы октябрь айына карата күн сайын кирип туруучу колдонуучулардын саны 750млн ал эми сайттын барагын кароочулардын саны 1 триллионду түзгөн. Бул тармак өзүнүн жасалгаланышы жагынан жөнөкөйлүгү (минимализм), аткаруучу милдеттеринин ар тараптуулугу жана аз жарнамаланышы менен башка тармактардан айырмаланып турат.
Башка социалдык тармактар үчүн жарнамалар көбүрөөк жарыяланып турса, Фейсбукта жарнама минимум денгээлге жеткирилген.
Бул тармакты колдонуучулардын жекече колдонууларына жана ар түрдүү уюмдарды өркүндөтүп,бизнести өнүктүрүү үчүн да колдонгонго болот.
Социалдык интернетте адамдар бири бири менен маалымат алмашып турат. Сиз интернеттен бир кызыктуу макала окусаңыз досторуңуз менен бөлүшкүңүз келет. Анкени сиз ал макаланын тегерегинде сүйлөшүү аркылуу башка да малыматтарга ээ болуп калышыңыз мүмкүн.
Фейсбук аркылуу досуңуз мененмузыка,видео,спорт,китеп, ж.б. жаңылыктарды же өз ара ой-толгоолорду бөлүшүү эң эле пайдалуу болуп саналат.
Фейсбукту колдонуунун дагы бир жакшы жагы сиз досторум гана менин статусумду көрө алат же досторумдун достору көрө алат десеңиз болот.
Андан тышкары Фейбукта дагы топторду түзсөңүз болот. Мисалы: “Кыргызстандыктар” деп жазып туруп ал топко Кыргызстандык досторуңузду киргизип койсоңуз болот. Анткени сиз жаңылык бөлүшкөндө кыргызстандык досторуңуз менен ой-пикирлерди кыргыз тилинде бөлүшүп койсоңуз болот.
Эгерде сиз бир эссе жазсаңыз, анда аны менен Фейсбук аркылуу бөлүшүү эң эле оңтойлуу. АнткениFacebook Notes кызматы бар.
Бул сайтты ачууну Цукерберг жаш кезинде жана жеке менчик мектепте(Phillips Exeter Academy) окуп жүргөндө ойлогон. Мектепте жыл сайын окуучулардын справочниги - аты, адреси жана сүрөттөрү жарыяланып турган(тактап айтканда "китеп бети","китептин бети" - Facebook),качан гана Цукерберг Гарвард университетине өткөндө, ал демилге көтөрүп, окшош(аналогичный) тармактык ресурс ачууну сунуштайт,бирок окуу жайдын администрациясы маакулдугун бербейт. Ошондо 2003-жылы 28-октябрда Цукерберг, студент, 2 курс убагында, Facemash интернет-сайтына код жазып, жана анда сүрөттөр колдонулуп,түгөйлөрдү жайгаштырып, максаты алардын ичинен кимиси бири-бирине жагымдуу экенин аныктоо болгон.
Бул нерсеге жетүү үчүн, Цукерберг Гарвардтык университеттин компьютердик тармагындагы корголгон бөлүктөрдү бузуп жана өздүк сүрөттөрдү көчүрүп алган.
Ал сайт (Facemash) тез ылдамдыкта таанылып, бирок бир нече күндөн кийин Гарвард администрациясы аны жаап салган. Цукерберг администрация тарабынан коопсуздукту жана автордук укукту бузганы үчүн күнөө коюлат. Бирок аягында бул күнөөлөрдү алып салат.2004-жылы 4-февралда Цукерберг өзүнүн жаңы сайтынThe Facebook ишке киргизет.Facebook деп атоонун негизи Цукербергтин окуу жылдарына байланыштуу.Марк Цукербергке бат элеЭдуардо Саверин(каржыдиректор) ,Дастин Московиц(программист),Эндрю Мак-Коллум(сүрөтчү) жанаКрис Хьюз сайтты алдыга жылдырууга кошулат.
2004-жылдын март айынан тартып сайтКолумбия,Стенфорд университетине кеңири баштаган.Кийинчерээк башка университетте Бостон,Нью-Йорк университетине,Массачусетс технологиялыкинститутунда, андан соң көпчүлүкКанаданын жана АКШнын окуу жайларына тараган.
"2004-жылы июнь айында FacebookПало-Альтого көчөт(Калифорния).2005-жылы компания өзүнүн атындагы The артиклын алып салат да ошол эле жылы facebook.com домендик атын 200 000 $ сатып алат.2007-жылы 24 октябрдаMicrosoft компаниясы Facebook компаниясынан 1,6% акциясын 240 млн $ сатып алууну жарыялайт, ошону менен бирге компанияны 15 млрд долларга баалайт.
2008-ж октябрда Facebook өзүнүн эл-аралык штаб-квартирасынДублинде ачууну жана 2009-жылы компания биринчи жолу киреше алуусун жарыялаган. 2010-жылы SecondMarket Inc айтуусу боюнча, компаниянын баасы 41млрд долларды түзгөн.2011-жылы 2-январда анын бааасынThe New York Times газетасы жазып чыгат, алардын айтуусу боюнча, Facebook 50 миллиардтан ашуун долларды түзгөн.
2010-жылы Фейсбуктун түзүлүшүнө арналган «Социалдык тармак» аттуу фильм тартылган
Сериал «Компьютерщики», 3 сезон, 5 серия (Friendface).
Мультсериал «Южный парк», сезон 14, 4 серия (1404) «You have 0 friends».
Сериал «Молокососы», 3 сезон, 10 серия.
Дэвид Киркпатриктин китеби «Социалдык тармак. Кантип Фейсбуктун негиздөөчүсү 4млрд долларга иштеп жана 500 млн дос тапты».= David Kirkpatrick. The Facebook Effect: The Inside Story of the Company That Is Connecting the World. — М.: Эксмо, 2010. — 288 с. — 5000 экз. —ISBN 978-3-8273-2913-4
Марк Цукерберг (Генеральный директор)·Крис Кокс (Вице-президент по продуктам)·Шерил Сэндберг (COO)·Elliot Schrage (Вице-президент по глобальным коммуникациям, маркетингу и публичной политики)·Mike Schroepfer (Вице-президент по разработкам)·Bret Taylor (CTO)·Ted Ullyot (Вице-президент и генеральный советник)