| .az |
 |
| Ишке кириши | 1993-жылдын 23-августу |
|---|
| Тип | жогорку деңгээлдеги улуттук домен |
|---|
| Макамы | колдонууда |
|---|
| Каттоочу уюм | AZNIC |
|---|
| Уюштуруучу | IntraNS |
|---|
| Максаты | Азербайжан менен байланышкан объекттер |
|---|
| Колдонулушу | Азербайжанда кеңири колдонулат |
|---|
| Каттоодо болгон жолтоолор | резиденттер гана катай алышат |
|---|
| Түзүмү | экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
|---|
| Документтер | Whois.Az |
|---|
.az —Азербайжан үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Домен 1993-жылдын 23-августунда киргизилген жана расмий түрдө 25-августтан тартып иштей баштаган.
IntraNS тарабынан көзөмөлдөнөт. Азербайжанда жайгашкан же ага байланыштуу объекттер үчүн колдонулат. Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот. Негизги үчүнчү деңгээлдеги домендери: com.az, net.az, int.az, gov.az, org.az, .edu.az, .info.az, .pp.az, .mil.az, .name.az, .pro.az жана biz.az.
АзербайжанКМШ өлкөлөрүнүн ичиненУкраинадан кийинки эле өз доменин алган экинчи өлкө.
.az доменин каттоонун баасы 20манатты түзөт. Техникалык колдоонун бир жылдык баасы дагы 20 манат[1].
Учурда Азербайжанда .az зонасында аккредитацияланган бир нече каттоочулар бар, Онлайн портал (Online.az) жана Smarthost.az . Эки катточу тең .az аймагында доменди каттоону өлкөнүн резиденттерине гана сунушташат.
WHOIS ресурсунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын 14-октябрына карата .az улуттук домен аймагында 37 967 сайт катталган, анын 35 510 экинчи деңгээлдеги домендер .