Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Ырдык

Википедия — ачык энциклопедия

Ырдык — ТескейАла-Тоонун түндүк капталынан башталып,Ысык-Көлгө куйган суу.

Узундугу 28 км, алабынын аянты 300 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2600 м.
Акжайлоодогу көлдөн башталып, сол куймасы Кызылжар кошулгандан кийин капчыгайдан өтүп өрөөнгө чыгат. Ысык-Көлгө 2–3 км калганда Ырдык (башы Челпек аталат) аттуу оң куймасы кошулат.
Алабында жалпы аянты 4 км2 келген мөңгүлөр, 0,15 км2 келген 3 көл бар.
Негизинен кар, мөңгү (85%) жана жамгыр (15%) сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 1,32 м3/сек, эң көбү июнда (5,72 м3/сек), эң азы февралда (0,29 м3/сек) байкалат Сугатка пайдаланылат (андан жалпы суу өткөрүмдүүлүгү 2,66 м3/сек 6 сугат каналы башталат).
Боюнда Ырдык кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Ырдык&oldid=379400" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp