Хейлит —эриндин сезгенүүсү.
Анын пайда болушуна эриндин жарылып кетиши, травмага учуроо, кислота, жегич менен күйгүзүп алуу, күндө, катуу суукта көпкө болуу себеп болот; кээде ооруну мите козу карындар (кандидоз),вирустар (учук) пайда кылат. Айрым учурдаоозго сүйкөлүүчү боёктоналлергия болгондо, ичеги-карын,жүрөк ооруларында,витамин жетишпегенде (өзгөчөВ витамини) пайда болот.
Хейлит кээдекатуу кармайт, көбүнчөөнөкөт түрүндө өтөт.
Хейлитти дарылоону оорунун пайда болуу себебине жараша врач жүргүзөт. Оорунун алгачкы белгиси билинери менен врачка кайрылуу керек. Алдын алууда травмага учураганда жабыркаган жерди даки же кебезден жасалган тампонду риванол, марганцовканын эритмесине же фурациллинге малып сүртүү керек. Күнгө күйгөндө жана суукта эрин туурулуп кетпес үчүн «А» витаминдүү, гормондуу майлар менен эринди майлаган жакшы, кислота же жегич менен күйгүзүп алганда тезинен суу менен жууп, врачка кайрылуу керек.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991,ISBN 5-89750-008-8