Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Түлкүлөр

Википедия — ачык энциклопедия
Калтар түлкү (Alopex lagopus).

Түлкүлөр (лат.Vulpes) - иттер тукумундагы жырткычсүт эмүүчүлөр уруусу. Денеси созулуңку, буттары салыштырмалуу кыска.

Куйругу узун, үлпүлдөк жүндүү. Түсү кызгылт сарыдан күмүш бозго чейин, кээде дээрлик кара; мезгилдик жана геогр. диморфизм даана байкалат. Тиши жырткычтардыкындай, азуусу курч, арсагай. Түлкүлөрдүн 6-11 түрү Арктикадан башкаЕвразия,Африка,Түндүк Америкада кезигет,Австралияга алынып келинген.КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: кадимкитүлкү, карсак жана африка түлкүсү жашайт. Токойлуу тундрадан чөлгө чейин мекендейт. Ийинде жашайт. Көбүнчө майда сүт эмүүчүлөр жана куштар менен азыктанат. Жазында 51 сутка көтөрүп, 4-6, чанда 12 бачики тууйт. Кадимки түлкү уруунун чоңу, дене уз. 90 смге, куйругу 60 смте жетет. Күүгүмдө активдүү. Түлкүлөр - аңчылык жана аң чарбачылыгынын баалуу обьектиси. Айрыкча калтар (кара) түлкүнүн териси баалуу. Аң жана куш чарбасына зыян келтирет, кемирүүчүлөрдү жеп пайдалуу. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл.ISBN 978-9967-14-125-4
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Түлкүлөр&oldid=330242" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp