Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Туруктуу ток

Википедия — ачык энциклопедия

Туруктуу ток ― убакыттын өтүшү менен күчү, чыңалуусу жана багыты өзгөрбөөчүэлектр тогу.

Туруктуу ток туруктуу чыңалуунун таасиринен пайда болуп, туюк электр чынжырында гана боло алат. Туруктуу токтун негизги закондору болупОм мыйзамы,Жоуль-Ленц мыйзамы, Кирхгофтун эрежеси эсептелет. Электр генератору, гальваникалык элемент, термоэлемент, фотоэлемент Туруктуу токтун булактары болушат. Туруктуу токөзгөрмө токту жарым өткөргүч ж. б. түзөткүчтөрдүн жардамы менен түзөтүү аркылуу да алынат. Туруктуу ток өндүрүштүн түрдүү тармактарында, электр тогун алыс аралыкка берүүдө колдонулат.

Булактар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл.ISBN 978-9967-14-125-4

"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Туруктуу_ток&oldid=543802" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp