Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Тунис

Википедия — ачык энциклопедия

Тунис Республикасы
ар.الجُمْهُورِيَّةُ التُّونِسِيَّة

Герб
ТууГерб
Гимн:«حماة الحمى (Мекендин коргоочулары)»
Эгемендүүлүк күнү20-март1956-жыл

( Франциядан)

Расмий тилиараб тили
Борбор шаарыТунис
Ири шаарларТунис, Сус, Сфакс
Башкаруу формасыпрезиденттик республика
Президент
Премьер-министр
Эл өкүлдөр Ассамблеясынын төрагасы
Каис Саид
Сара Заафарани
Ибрагим Боудербала
Мам. диниислам
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
93-орун - дүйнөдө
163 610 км²
5,0
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

11 972 169 адам (134-орун)
79 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2025)
  • Ар бир жанга

183,73 млрд $ (84-орун)
14 780 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

56,290 млр $ (90-орун)
4530 $
АДӨИ 0,732 (жогору) (101-орун)
Домени.tn,تونس.
ISO кодуTN
ЭОК кодуTUN
Телефон коду+216
Убакыт аралыгыUTC+01:00

Тунис (ар.تُونِس), расмий аталышы —Тунис Респу́бликасы (ар.الجُمْهُورِيَّةُ التُّونِسِيَّة) — Түндүк Африкадагы мамлекет. Борбор шаары —Тунис.

Түндүгү менен чыгыш жээгинЖер Ортолук деңизи чулгайт. Батышынан жана түштүк-батышынан Алжир , түштүк-чыгышынанЛивия менен чектешет. Аянты 162,2 миң кмг. Калкы 10,8 млн (2013). Адм. борбору — Тунис ш. Адм.-айм. жактан 24 вилайетке (губернаторлукка) бөлүнөт. Т. -БУУнун (1956),ЮНЕСКОнун (1956), Эл аралык атом энергетика боюнча агенттиктин (1957),Интерполдун (1957), ЭВФтин (1958),Африка биримдиги уюмунун (1963),Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) ж. б. мүчөсү.

Tарыхы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Тунистин азыркы аймагын эзелтеден эле аңчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенген көчмөн либий уруулары мекендеген. Б. з. ч. 4500-ж. Т-тин түштүгүнө капсийлер көчүп келишкен. Б. з. ч. 1100-600-ж. финикиялыктар кул ээлик Карфаген, Сус, Утика жана Бизерта мамлекеттерин негиздеген. Б. з. ч. 274146-ж. Пуни согуштарынын натыйжасында талкаланып, Тунис римдиктердин карамагына өткөн. Б. з. 5-кылымда Т-ти вандалдар, 6-кылымда византиялыктар басып алган. 7-кылымда араб халифатына караган. 16-кылымда Осмон империясынын курамына кирген. 1705-ж. өлкөнү Хусейниддер династиясынан беилер (Хусейн бен Али (1705); Али бей (1759-82); Хамудапаша (1782-1814); Ахмед (1837-55); Мухаммед эс-Садок (1881); Монсеф (1942-43); Мухаммад VIII аль-Амин (1943-57)) башкарган. 1881-1956-ж. Тунис Франциянын протекторатына айланган. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) убагында 1940-42-ж. Т. «Виши» өкмөтүнүн, кийин итал.-германдык баскынчылардын бийлигинде (1942, ноябрь-1943, май) болгон. Согуштан кийин Тунистин Францияга мурдагыдай эле колония бойдон калуусу Тунис элинин нараазычылыгын күчөткөн. 1952-54-ж. шаарларда иш таштоолор күчөп, Тунистин боштондук армиясынын партизан отряддары (1952-ж. НеоДустур уюштурган) түзүлүп, иштей баштаган. 1954-ж. 3-июнда Франция Туниске ички автономия берүүгө аргасыз болуп, 1956-ж. 20-мартта Тунистин көз карандысыздыгын тааныган. 1956-ж. 25-мартта Тунисте Улуттук чогулушка шайлоо болуп, анда бардык орунду башында Нео-Дустур партиясы турган Улуттук фронт ээлеген. Партиянын жетекчисиX. Бургиба Тунис өкмөтүн түзүп, 1957-ж. 25-июлда өлкөнү республика деп жарыялаган. 1959-ж. 1-июлда конституциясы кабыл алынып, 8-ноябрда Улуттук чогулуш X. Бургибаны президенттикке шайлаган. 195961-ж. тоо өнөр жай ж. б. ишканалар мамлекеттештирилген. Тунис 1957-63-ж. Франция ж. б. мамлекеттердин согуштук жана экон. кысымынан кутулуп, 1963-ж. өз аймагынан чет элдик аскерлерди толук чыгарууга жетишкен. 1975-ж. Улуттук чогулуш конститудияга оңдоо киргизип, президентти түбөлүк деп жарыялаган. 1987-ж. өлкөдө Жасмин революциясы болуп, мурдагы премьерминистр Бен Али президенттикке шайланган. Ал кийинки жылы өлкөгө реформа жүргүзүп, Бургибанын башкаруу мезгилиндеги тенденцияларды чектеген. Көп партиялуу саясий система киргизип, исламдын түптөлүшүнө каршы күрөшүп, батыш саясатын жүргүзгөн. 2011-ж. январдагы Экинчи Жасмин революциясында президент Бен Али өлкөдөн качып кеткен.

Географиясы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Тунис.

Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик, түштүгүндө чөлдөшкөн тропиктик. Январдын орт. температурасы түндүгүндө 10°С, түштүгүндө 21°С, июлдуку 26-33°С. Жылдык жаанчачыны түштүгүндө 100 жлгден 1500 ммге (Түндүк Тель) чейин. Негизги дарыясы — Межерда. Көлдөрү: Бизерта, Гараэт-Ашкель. Атлас тоолорунда күрөн, түштүгүндө боз, күрөң жана жарым чөл шор топурагы басымдуу. Тоолорунда жалбырагы күбүлмө дайыма жашыл токой (алардын ичинен пробка дарагы, альфа чөбү), алеп мырза карагайы, эмендин 2 түрү, чөл жана жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Ашкель, Бу-Хедма заказниктери жана резерваттар уюштурулган. Калкынын 98% ин тунистиктер түзөт. Ошондой эле арабдар, алжирликтер, бербералар (жерба, шавийлер) да жашайт. Мусулман (сүннөттөр) динин тутат. Расмий тили —араб тили. Шаар калкы 67%.

Мамлекеттик түзүлушү

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Тунис унитардык мамлекет. Конституциясы 1959-ж. 1-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы — президенттик республика. Мамлекет башчысы — президент (2011-жылдан Монсеф Марзуки). Мыйзам чыгаруу бийлигин эки палаталуу парламент (Кеңештер палатасы жана Депутаттар палатасы) ишке ашырат. Тунисте көп партиялуу саясий система орун алган.

Негизги партиялары

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Демокр. конституциялык бирикме, Кайра жаралуу партиясы, Республика үчүн конгресс, Өнүгүү, чындык жана эркиндик үчүн элдик өтүнүч ж. б. Tабияты. Аймагынын 1/3 бөлүгүн Атлас тоолору (түштүк-батышы менен батышы) жана тоо аралык платолор, калган бөлүгүн дөбөлүү жана ойдуңдуу түздүктөр ээлейт. Өлкөнүн эң бийик жери Тунис кырка тоосундагы Шамби чокусу (бийикт. 1544 м). Түндүк бөлүгүн Сахара чөлү ээлейт.

Экономикасы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Туризм.

Экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкө. ИДПнин көлөмү 83,2 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 8 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 54,1, өнөр жайдыкы 35,0, айыл чарбаныкы 10,9. Нефть, жаратылыш газы,фосфорит (казып алуунун көлөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда),темир кенташы казылып алынат. 2008-ж. 11,1 млрд кВт-с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу, хим. (мин. жер семирткич ж. б.), кара металлургия, металл иштетүү, автомобиль кураштыруучу өнөр жай ишканалары, электр-тех., курулуш материал (алардын ичинен цемент), текстиль, тигүү, тери, бут кийим өндүрүшү иштейт.

Негизги өсүмдүктөрү: зайтун дарагы (зайтун жыйноо боюнча дүйнөдө 5-орунда), бадам, мисте, курма пальмасы, цитрустар. Дан эгиндери, жашылча (алардын ичинен помидор), бакча өсүмдүктөру, пробка багы өстүрүлөт. Бакчылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Бодо мал, кой жана эчки асыралат. Үй куштары багылат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 19,2 (алардын ичинен У3и асфальтталган), т. ж-нуку 2,2, газ куурунуку 2,2, нефтиники 1,3, нефть продуктуларыныкы 0,4. Негизиги порттору: Тунис, Бизерта, Габес, Сфакс, Сехира. Экспортко жеңил, хим., айыл чарба азыктары, фосфорит жана жабдуулар чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Франция,Европа союзуна кирген өлкөлөр, Ливия, Кытай, АКШ. Чет өлкөлүк туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл.ISBN 978-9967-14-125-4


 Бул калыпты көрүү Африка өлкөлөрү
Эгемендүү
мамлекеттер

Алжир Ангола Бенин Ботсвана Борбордук Африка Республикасы Буркина-Фасо Бурунди Габон Гамбия Гана Гвинея Гвинея-Бисау Жибути Замбия Зимбабве Кабо-Верде Камерун Кения Коморлор Конго Демократиялык Республикасы Конго Республикасы Кот-д'Ивуар Лесото Либерия Ливия Маврикий Мавритания Мадагаскар Малави Мали Марокко Мисир Мозамбик Намибия Нигер Нигерия Руанда Сан-Томе жана Принсипи Свазиленд Сейшел Аралдары Сенегал Сомали Судан Сьерра-Леоне Танзания Того Тунис Түштүк-Африка Республикасы Түштүк Судан Уганда Чад Экваториалдык Гвинея Эритрея Эфиопия


Таанылбаган жана
жарым-жартылай
таанылган мамлекеттер

Азавад Сахара Араб Демократиялык Республикасы¹ Сомалинин аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөр (Авдаленд Азания Галмудуг Жубаленд Пунтленд Сомалиленд Хатумо Химан жана Хеб)


Көз каранды аймактарИнди океанындагы Британия аймагы Батыш Сахара¹ Канар аралдары Мадейра Майотта Мелилья Реюньон Эпарсе аралдары Сеута
¹Батыш Сахара, БУУнун документтерине ылайык, деколонизацияланбаган аймак катары эсептелет. Анын аймагында жарыяланганСахара Араб Демократиялык Республикасы,Африка бирлигинин мүчөсү.Аймагынын көпчүлүк бөлүгүМарокко тарабынан басып алынган.
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Тунис&oldid=519557" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp