Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Тар

Википедия — ачык энциклопедия
Тар

Тар (хинди थार मरुस्थल,Тхар) —Индия мененПакистандагычөлдүү жанажарым чөлдүү аймак.Инд дарыясынын төмөнкү агымынын сол жээгин бойлой 850 кмге созулуп жатат.

Аянты 300 мин км2. Бийиктиги 100–200 м. Сейрек өсүмдүк менен капталганкум жалчалар,бархандар, дюналар, сапырылма кумдуу аймактар мүнөздүү. Оён жерлеринде шор, такыр, туздуу көлдөр кездешет. Климаты тропиктик муссондук. Жаан-чачындын саны 200 ммден (батышта) 900 ммге чейин (чыгышта). Май-июнь айларында абанын температурасы 50°Сге жетет. Чаңдуу шамалдар болуп турат. Сейрек бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жайытта багылуучу мал чарбасы,оазистер менен Инд дарыясынын өрөөнүндө сугат дыйканчылыгы өнүккөн.

Галерея

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Булактар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл.ISBN 978 9967-14-117-9
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Тар&oldid=429949" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp