Семиотика (грек. semeion – белги) –белги жана белгилер системасына (кадимки жана жасалма тилдерге) мүнөздүү касиеттерди изилдөөчүилим.
Семиотикалык изилдөө иштерисинтактикалык (белгилер системасынын ички касиеттери), семантикалык (белгилердин маани жагы),прагматикалык (белги менен аны кабыл алуучу субъектинин ортосундагы байланыш) деген үч негизгиаспект боюнча ишке ашат. Синтактикалык жана семантикалык аспектилер семиотиканын айрым маселелерин гана, ал эми прагматикасы семиотикага тиешелүү бардык маселени изилдейт.
Ар кандай объект белгилүү жагдайда башкаобъект жөнүндө кабар берсе (тактап айтканда мааниге ээ болсо), белги деп аталат. Белги белгилөөчү менен белгиленүүчүнүн ажырагыс биримдигинен турат. Ушул мааниден алгандатил,миф,ырым-жырым,искусство ж. б. маданий кубулуштар белгилер системасы катары каралат. Семиотиканыннын жетишкендиктери гуманитардыкилимдерде,медицинада, ошол эле жасалма тилдерди (программалоо тили, документтерди индекстөө тили ж. б.) түзүүдө, бир тилден экинчисине машина менен которууда колдонулат.Лингвистикалык Семиотика белгилер системасынын эң маанилүүсү – табигый тилди изилдейт. Алгач ирет С-лык изилдөөнүн кеңири программасы Ч. С. Пирс, Ч. У. Морристин эмгектеринде пайда болуп, өз алдынча илимий тармак катары жасалма формалдык тилдердин проблематикасына байланыштуу калыптанган.
Бул багытта изилдөө жүргүзгөн көрүнүктүү окумуштуулар: Ю. М. Лотман (СССР), У. Эко (Италия), Р. Барт, Ю. Кристева, Ц. Тодоров (Франция) ж. б. Кыргызстанда философтор (А. А. Брудный, Э. Ж. Шүкүров ж. б.) семиотиканын айрым колдонмо маселелерин изилдешкен.