Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Огюст Роден

Википедия — ачык энциклопедия

Франсуа Огюст Рене Роден (1840,Париж – 1917, Парижге жакын, Мёдон) – француз скульптору. Чиновниктин үй-бүлөсүнөн. Парижде сүрөт тартуу жана математика мектебинде окуган (1854–57). Парижде жанаБрюсселде иштеген (1871–77). Алгачкы иштеринде эле (мисалы, “Сынык мурун киши”, коло, 1864) чеберлиги байкалган. 1884–88-ж. Р.Кале шаарында “Кале граждандары” деген скульптура тобун (коло, 1895-ж. орнотулган) түзгөн. Р. 1880-жылдан өмүрүнүн акырына чейинДантенин“Ажайып комедия”, антик мифтер, библия уламыштары, француз акыны Ф. Вийондун жана ошол кездеги поэзиянын мотивдери боюнча “Тозоктун дарбазасы” аттуу горельеф композициясын түзгөн. Анын айрымдары өзүнчө тема болуп өнүктүрүлгөн (мисалы, “Ойчул”, 1888, А. С. Пушкин атындагы сүрөт музейи,Москва). 1880-жылдардын ортосунан Р-дин чыгармачылыгы үчүн татаалдашкан символикалык образдарды бири бирине карама-каршы келген эмоциялар аркылуу берүү мүнөздүү. Р. – скульптурадаимпрессионизмгенегиз салуучулардын бири.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Огюст_Роден&oldid=562589" булагынан алынды
Категория:

[8]ページ先頭

©2009-2026 Movatter.jp