Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Ниамей

Википедия — ачык энциклопедия

НиамейНигер Республикасынын борбору, шаар; Ниамей департаментинин административдик борбору. Өлкөнүн түштүк-батышында,Нигер дарыясынын сол өйүзүндө,деңиз деңгээлинен 163 м бийиктикте жайгашкан. Климаты субэкватордук. Жылдык орточотемпература 25˚С, жаан-чачындын саны 400–700 мм. Калкы 980 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. 19-кылымдын аягында негизделген. 1926–60-жылы Нигердеги француздук ээликтин административдикборбору. Нигер көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору (1960). Университет, калк китепканасы, Улуттукжер жаңгак коому, чоң мечит, элдик каада-салтты жазуу борбору, Геология бюросу, Тропиктик токойчулуктун техникалык борбору, Тропик агрономия институту бар. Кол өнөрчүлүк (тери ашатылат, карапа, алтындан жана күмүштөн баалуу буюмдар жасалат) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
   
1: Сот. 2: Административдик. 3: аткаруу.
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Ниамей&oldid=555280" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2026 Movatter.jp