Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Мөндүр

Википедия — ачык энциклопедия
Мөндүр.

Мөндүр — кичине томолок, ныкталганмуз түрүндө жааганатмосфералык жаан-чачын. Өлчөмү 5– 55 мм, кээде андан да чоң болот. Күн жылуу маалда түшөт: аба алмашуунун натыйжасында төмөнкү катмардагы нымдуу жылуу аба жогору (5–6 кмге) көтөрүлүп, тез муздашы менен муз кристаллдарына айланат. Кристаллдар төмөн түшө баштаганда кездешкен ным алардын көлөмүн чоңойтуп, мөңгү бүртүктөрү пайда болот. Адатта, калың түрмөктөлгөн булуттан кууш, бирок узун (жүздөгөн кмге чейин) тилкеде чагылгандуу кара нөшөр менен кошо түшөт. Мөндүр көбүнчө мелүүн алкакта, түштөн кийин жаап, адатта, 5–10 мүнөт, чанда жарым саатка созулат. Уюлга жакын аймактарда мөндүр түшпөйт. Мөндүр эгинди, бак-дарактардын мөмөлөрүн, бүчүрлөрүн талкалап,айыл чарбага өтө зыян келтирет.

Булактар

"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Мөндүр&oldid=494468" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2026 Movatter.jp