Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Монтсеррат

Википедия — ачык энциклопедия
Монтсеррат.
Монтсеррат (2001).

МонтсерратУлуу Британия ээлиги. КичиАнтил аралдары архипелагынын курамындагы Монтсеррат аралында жайгашкан.Пуэрто-Рикодон Түштүк-Чыгыш тарапта. Аянты 102 км2. Калкы 4,9 миң (2011). Расмий тили –англис тили. Административдик борбору – Плимут (калкы 3500).

Х. Колумб тарабынан 1493-жылы ачылган. 1632-жылы сүргүнгө келген католиктер тарабынан алгачкы англис тилинде тургун жай негизделген. 17–18-кылымдаАнглия мененФранция аралга ээ болуу үчүн күрөшүп келген. 1871–1958-жылы Монтсеррат Ылымта аралдар ээлигинин, 1958–62-жылыВест-Индия федерациясынын курамына кирген. Ал Чыгыш-Кариб мамлекеттер уюмунун жана Региондук коопсуздук системасынын мүчөсү.

Климаты субэкватордук деңиздик. Абанын температурасы океандын жээктеринде 24˚Сден 35˚Сге чейин, тоолордо 18–27˚С. Жылдык жаан-чачыны 800–3000 мм (майдан ноябрга чейин нөшөрлөгөн жамгыр жаайт). Жайдын аягынан, күздүн башталышына чейин тропик урагандары болуп турат. 1995-жылы Хиллжанар тоосу атылып, аралдын аймагынын 2/3 си ээн калган. Калкынын негизин африкалыктар түзөт. Төрөлүү 1000 кишиге – 14,3 киши, өлүм-житим – 9,9. менены 1960-жылы кабыл алынган конституция боюнча Улуу Британия королевасы дайындаган губернатор башкарат, о. эле ал Аткаруу кеңешинин башчысы да болуп эсептелет. Монтсеррат байыртадан эле Вест-Индиядагы «Жакут аралы» деген аталыш менен белгилүү. Монтсерраттын өкмөтү туристтердин көп келишине каршы, ошондуктан аралдын көптөгөн жери адамдын буту тийбеген бойдон калып келүүдө. Эс алуунун өнүккөн түрү – жөө жүрүү туризми. Аралдагы токойлорду жөө аралап басуу кеңири таралып, ал туризмдин негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
 Бул калыпты көрүү Түндүк Америка өлкөлөрү
Эгемендүү мамлекеттерАнтигуа жана Барбуда Багама аралдары Барбадос Белиз Гаити Гватемала Гондурас Гренада Доминика Доминикана Республикасы Канада Коста-Рика Куба Мексика Никарагуа Панама Сальвадор Сент-Люсия Сент-Винсент жана Гренадиндер Сент-Китс жана Невис АКШ Тринидад жана Тобаго Жамайка
Көз каранды аймактарАмерикалык Виргин аралдары Ангилья Аруба Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба Британиялык Виргин аралдары Испаниялык Виргин аралдары Гваделупа Гренландия Кайман аралдары Клиппертон Кюрасао Мартиника Монтсеррат Навасса Пуэрто-Рико Сан-Андрес жана Провиденсия Сен-Бартелеми Сен-Мартен Сен-Пьер жана Микелон Синт-Мартен Теркс жана Кайкос аралдары Венесуэланын федералдык ээликтери
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Монтсеррат&oldid=483834" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp