Магнетрон [гр. magnetis — магнит жана (элек)трон] —-магнит талаасындагы (талаадиоддун огу боюнча багытталат) коаксиаль цилиндр түрүндөгү диод; өтө жог. жыштыкта иштөөчү генератордуу электр вакуум прибору.
«Магнетрон» терминин амер.физик А. Халл киргизген, ал1921-ж. Магнетрондун статикалык режимде иштешин теориялык жана эксперименттик изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялап, Магнетрондун бир топ конструкцияларын су- нуш кылган.1936—37-ж. Магнетрон А. БончБруевичтин жетекчилпги менен сов. инженерлер Н. Ф. Алексеев, Д. Е. Маляров бир нече резонатордуу массивдүү жез блогун анод катары колдонушуп, Магнетрондун кубаттуулугун (9 см толкундагысын 300 втка чейин) чоңойтушту. Мындай конструкция көп резонатордуу Магнетрон деп аталат. Азыр коп өлкөнүн илпмпоздору М-дун конструкциясына көптөгөн түзөтүү Киргизии, Магнетрондун миңден ашык эң сонун типтерин иштеп чыкты. Магнетронрадиолокаторлордо, самолёттунрадио аппараттарында,метеорологиялык станцияларда ж. б. тармактарда колдонулат.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.