Ливон ордени – Ливониядагы немис ордени;Тевтон орденинин үч бөлүмүнүн бири, католиктик диний-рыцардыкордени. Ливон ордени 13–16- кылымда Саул салгылашуусунда (1236) талкаланган Кылыччандар орденинин калдыктарынын Тевтон орденине кошулушунан түзүлгөн (1237). Ливон орденинин карамагына германрыцарлары басып алган Чыгыш Прибалтикадагы латыш жана эстон жерлеринин 2/3 бөлүгү кирген жана ордендин башында магистр туруп, анын резиденциясы Рим же Венденде (Цесисте) жайгашкан. 13-кылымда Ливон ордени Чыгыш Прибалтикадагы немис феодалдары жана католик чиркөөсүнүн негизги аскер күчү болуп калган. 13-кылымдын аягында Чыгыш Прибалтикадагы саясий гегемония үчүн ригалык архиепископторго каршы күрөштө жеңишке жетип, 1330-ж. Риганын феодалдык сеньоруна айланган. 1346-ж. Ливон орденине Түндүк Эстляндия кирген. Бирок Тевтон ордени талкаланган соң (к.Грюнвальд салгылашуусу, 1410), Риганын үстүнөн 2 сеньордун (архиепископ жана Ливон орденинин) бийлиги орногон. Мындай абал 16-кылымдын 60-жылдарына чейин сакталган. Ливон ордени 13–15-кылымда Литвага жана орустарга (Русь) каршы бир нече жолу согуш жүргүзүп, бирок алардан жеңилип калган (мисалы,Муз үстүндөгү салгылашуу, Дурбенин жанындагы салгылашуу, Эргемдеги салгылашуу). 16- кылымдын 20-жылдарында немис феодалдары менен эстон дыйкандарынын карама-каршылыктары күчөп, Ливон ордени начарлаган.Ливон согушунун (1558–1583) учурунда 1561-ж. Ливон ордени кулап, анын ордуна Курляндия герцогдугу түзүлгөн. Ливон ордени расмий түрдө 1562-ж. 5-мартта биротоло жоюлган.3