Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Көкбазиндер

Википедия — ачык энциклопедия
Gentiana acaulis.

Көкбазиндер (лат.Gentianaceae) – эки үлүштүүлөр классындагыөсүмдүктөрдүн тукуму. Көпчүлүгү бир, көп жылдык чөптөр. Сабактары түз өсөт. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакка тегеректешип же тушташ өсөт. Гүлү сабактын учунда же жалбырак колтугунда бирден же топ гүлдү пайда кылып өсөт, түсү ак, сары, көк, кызгылт-көк. Алар эки жыныстуу, туура түзүлүштүү, 4-5 (6-12) мүчөлүү, үстүңкү энеликтүү.Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. 70тен ашуун уруусунун түрлөрү Жердин мелүүн жана субтропик областтарынын тоолуу райондорунда кездешет.Кыргызстанда К. тукумунун 5 уруусуна кирген 27 түрү бөксө жана өтө бийик тоолордогу шалбааларда, нымдуу боздөңдөрдө, саздарда, булактын, суунун, көлдөрдүн жээктеринде өсүшөт. К. тукумунун бардык түрүндө ачуу гликозиддер бар, ошондуктан дары-дармек жасоодо кеңири колдонулат. Айрым түрлөрү гүлзарларда өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Көкбазиндер&oldid=278178" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp