Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Кларнет

Википедия — ачык энциклопедия
Кларнет.

Кларнет (латынча darns — ачык добуш) — жыгачтан жасалганүйлөмө музыкалык аспап. Ал түтүкчө формада болуп, каналынын узундугу 590—680 мм. Анын үнү үйлөгөндө тилченин термелүүсүнүн негизинде чыгат. Кларнет болжол менен биздин заманга чейинки бир нече миң жыл мурда пайда болгон. Андан Индияга, Малайзияга, Европага тараган. Кларнет 1700-жылы Нюрнбергдик Й. К. Деннер тарабынан өркүндөтүлгөн. Азыркы Кларнетте 20 капкакча, 7 көзөнөк бар. Кларнет үйлөмө жана симфониялык оркестрлерде, камералык ансамблдерде колдонулат. Кларнет үчүн Й. Гайдн, В. Моцарт, 19-кылымда И. Мюллер, О. Буффе, Г. Клозе, Р. Вагнер жана И. Брамс көптөгөн чыгармаларды жаратышкан. 20-кылымда кларнет аскердик жана үйлөмө аспаптар оркестринин, жаз ж. б. ансамблдердин негизги аспаптарынан болуп калды. Кыргызстанда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери М. Мирахимов, В. Рахимов, М. Серажиддинов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Э. Шаршенбаев ж. б. кларнетчилер белгилүү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Кларнет&oldid=316287" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp