Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Кабул

34°31′58″ с. ш. 69°09′57″ в. д.HGЯO
Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Кабул
ӨлкөОоганстанОоганстан
Координаттар34°31′58″ с. ш. 69°09′57″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү18 район
МэрМохаммад Юнус Науандиш
Тарыхы жана Географиясы
Аянты275 км²
Борборунун бийиктиги1800 м
Убакыт аралыгыUTC+4:30
Калкы
Агломерация3 071 400
Этнохоронимкабулдук, кабулдуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+93-20
Кабул (Ооганстан)

Кабул (Пушту жанадариکابل —Кабуль) —Ооганстандын борбору, шаар. Кабул вилаятынын административдик борбору. Иран бөксө тоосунун түндүк-чыгыш четинде, Кабул дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1791 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 071 400 млн (2011). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кабул аркылуу Жакынкы Чыгыш менен Европаны, Ыраакы Чыгыш менен Индияны байланыштырган жолдор өтөт.

Шаар алгач 2-кылымда Птолемейдин эмгектеринде Кабур деп эскерилет. Кабулду 9-кылымда Саффарилер басып алган. 13-кылымда аларды Чынгызхан талкалаган. 1504-ж. Бабур басып алып, ээликтеринин борбору кылган. 1774-жылдан 1818-жылга чейин Кандагар менен бирге Дурраний мамлекетинин, англис-ооган согушунан (1878-80) кийин Ооган мамлекетинин борбору. 1919-ж. февралда эмир Аманулла-хан Кабулда Ооганстандын көз каранды эместигин жарыялаган. 1978-ж. Апрель революциясынан кийин Ооганстанга советтик аскер киргизилгенден (1979-89-ж. Ооган конфликти) Кабулда анын штаб командасы жайгашкан. 1989-ж. февралда советтик аскер чыгарылгандан кийин шаарда жана анын четжакасында Ооган оппозициясынын отряддары менен Ооганстан элдик-демократиялык партиясынын күчтөрүнүн айыгышкан катуу салгылаштары болгон. 1992-ж. апрелде оппозициялык топ Кабулду согушсуз ээлеген. 1996-ж. Кабулда «Талибан» кыймылы түзүлгөн. Ооганстанга АКШнын аскерлери киргенде (2001-ж., октябрь) «Талибандын» отряддары шаарды таштап кеткен.

1979-ж. согуш башталганга чейин Кабулдун экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзгөн. Текстиль,металл иштетүү, жыгаччылык, булгаары-бут кийим жана тамак-аш өнөр-жай ишканалары, үй куруу комбинаттары иштеген. Шаардын өнөр-жай потенциалы согуштун кесепетинен толугу менен талкаланган. 21-кылымдын башынан анча чоң эмес ишканалар (аскер куралдары, кебез-кездеме, кыл торко, кийим-кече, эмерек, суюлтулган газ, азык-түлүк) иштейт. 2006-ж. «Coca-Cola» заводу курулуп, ишке берилди. Бир нече мейманкана, заманбап соода борборлору, банктар курулууда. Шаардын четинде өнөр-жай зонасы уюштурулууда. Кол өнөрчүлүк (анын ичиндекилем токуу) өнүккөн. Кабул өлкөнүн илим-билим жана маданий борбору. Улуттук Илимдер Академиясы, университеттер (анын ичинде Кабул, политехникалык, медициналык, педагогикалыкжана Америка), Жакынкы Чыгыш институту, Ооганстанды окуп үйрөнүү региондук изилдөө борбору, Улуттук аскер академиясы, бир нече коллеждер, тарыхый-этнографиялык музей, калк китепканасы, сүрөт галереясы (ислам фундаменталисттери өтө талкалаган), театр ж. б. бар. Бала-Хиссар цитадели (5-кылым), Баги-Бабур паркы [Бабурдун күмбөзү жайгашкан (16-кылым)], Жахан шахтын мечити (17-кылым), Мухаммед Надир-шахтын мавзолейи, король ак сарайы ж. б. сакталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
 Бул калыпты көрүү Азия өлкөлөрүнүн борборлору
Борбор АзияБишкек,Кыргызстан Ашхабад,Түркмөнстан Астана,Казакстан Дүйшөмбү,Тажикстан Ташкен,Өзбекстан
Чыгыш АзияБээжин,Кытай Пхеньян,Түндүк Корея Сеул,Түштүк Корея Тайбэй,Тайвань Токио,Жапония Улан-Баатыр,Монголия
Түндүк АзияМосква,Орусия
Түштүк АзияДиего-Гарсия,БИОА (Британия) Дакка,Бангладеш Исламабад,Пакистан Кабул,Ооганстан Катманду,Непал Мале,Мальдив Нью-Дели,Индия Шри-Жаяварденепура-Котте,Шри-Ланка Тхимпху,Бутан
Түштүк-Чыгыш АзияБандар-Сери-Бегаван,Бруней Бангкок,Таиланд Дили,Чыгыш Тимор Флайинг-Фиш-Ков,Рождество аралы (Австралия) Ханой,Вьетнам Жакарта,Индонезия Куала-Лумпур,Малайзия Манила,Филиппиндер Нейпьидо,Мьянма Пномпень,Камбожа Сингапур Вьентьян,Лаос Уэст-Айленд,Кокос аралдары (Австралия)
Батыш АзияАбу-Даби,БАЭ Амман,Иордания Анкара,Түркия Багдад,Ирак Баку,Азербайжан Бейрут,Ливан Дамаск,Сирия Доха,Катар Эпископи,Акротири жана Декелия (Улуу Британия) Иерусалим,Израиль Эл-Кувейт,Кувейт Манама,Бахрейн Маскат,Оман Никосия,Кипр Түндүк Никосия,Түндүк Кипр Түрк Республикасы Рамалла,Палестина (де-факто) Эр-Рияд,Сауд Арабиясы Сана,Йемен Сухум,Абхазия Тбилиси,Грузия Тегеран,Иран Цхинвал,Түштүк Осетия Ереван,Армения
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Кабул&oldid=566116" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категориялар:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp