Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Ирланд тили

Википедия — ачык энциклопедия

Ирланд тилиирланддардын тили.Ирландия мамлекетинин расмий эки тилинин бири.Улуу Британияда,Түндүк Ирландияга да таралган.Кельт тилдеринин гойдель тобуна кирет. Жазмасы латын алфавитинин негизинде (7-кылым.). Ирланд тили тарыхы төрт мезгилге бөлүнөт: 1) байыркы, башкача айтканда огам мезгилине (4-кылымда башталган) огам жазуусу менен жазылган байыркы ирланд жазуу эстеликтери таандык; 2) байыркы ирланд мезгилинде (6-кылымдын ортосунан, 5-кылымдын аягы – 6-кылымдын башында түзүлгөн латын графикасынын негизиндеги жазуу пайдаланылган; 3) ортоңку ирланд (11-кылымдан баштап), мезгилинде байыркы ирланд жазуу эстеликтери менен катар көптөгөн адабий эстеликтер жаралган. 4) жаңы ирланд мезгили (13-кылымдан башталган). Ирланд тилинин мунстер, коннахт, ольстер, лейнстер (20-кылымдын башында эле жоголуп кеткен) деген 4 диалекти белгилүү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Ирланд_тили&oldid=321559" булагынан алынды
Категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp