Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Имаго

Википедия — ачык энциклопедия

Имаго - (лат. imago кебете, түр) курт-кумурскалардын жана кээ бир муунак буттуулардын жеке өөрчүшүнүн жетилген стадиясы. Бул стадияда муунак буттуулар көбөйөт, ал эми кээде ар кайсы жерге жайгашат, демейде түлөбөйт жана өспөйт. Татаал түзүлүштүү курт-кумурскалардын көпчүлүгүнүн имагосуна өтүп кеткен мурунку стадияларынан айырмаланып, канаттары жана жыныстык кошумча өсүндүлөр мүнөздүү. Курт-кумурскалардын (көпөлөктөр, коңуздар, жаргак канаттуулар), толук өөрчүү стадиясында имаго куурчакчадан өөрчүп чыгат. Толук эмес өөрчүүчүкурт-кумурскаларда (мисалы, субагайканаттууларда, кыпчуурларда, тең канаттууларда ж. б.) куурчакча стадиясы жок, личинка нимфа бир катар түлөгөндөн кийин түз эле имагого айланат. Имаго стадиясынын узактыгы адатта бир нече миндан бир нече жылга чейин созулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Имаго&oldid=502501" булагынан алынды
Категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp