Жанна д'Арк — (6. 1. 1412,Лотарингия, Домреми кыштагы – 30.5. 1431,Руан) –Франциянын улуттук баатыры.Жүз жылдык согуш (1337–1453) мезгилинде англистерге каршы француз элинин боштондук күрөшүн башкарган. Англистер басып алганОрлеан шаарын 1429-ж. 8-майда бошоткон (Орлеан кызы деген ат ушундан калган). Бир катар аймакты ээлеген соң, ал аскерлерди Реймсти көздөй баштап, 1429-ж. 17-июлда мураскер Карлды (Карл VII) такка отургузат. Элдик согуштун күчөшү менен Жанна д'Арктын кеңири белгилүү боло башташынан чочулаган король жана ак сөөктөр, аны согушка башчылык кылуудан четтетишет. 1430-ж. 23-майдаКомпьен шаарынын жанындагы салгылашта англистерге танапташ – бургундуктар туткунга түшүрүп, англистерге сатып жиберген. Руанда чиркөө соту Жанна д'Аркты «кудайбезер», «көз боёмочу» деп айыптап, өрттөп өлтүрткөн. 1456-ж. Францияда болгон жаңы cот Жанна д'Аркты актаган. 1920-ж. католик чиркөөсү аны эң кадырлуу ыйыктардын катарына кошкон.