Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Гран-Чако

Википедия — ачык энциклопедия
Гран-чако.
Гран-чако (Парагвай).

Гран-Чако (исп. gran — чоң жана гварапитилинде chaco — аңчылык талаасы) —Түштүк Американын борбордук бөлүгүндөгү табигый аймак.

Аргентина мененПарагвайдан орун алган.Ла-Плата ойдуңунун түндүк бөлүгүн жанаАнд тоолорунун этегин ээлейт. Климаты, түндүгүндө субэкватордук, борбордук бөлүгүндө тропиктик, түштүгүндө субтропиктик. Июлдун орт. температурасы 12—21°С, январдыкы — 26—30°С. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1200 мм, түштүк-батышта 500 мм ге чейин.

Ири дарыялары: Парана,Парагвай,Пилькомайо,Рио-Бермехо,Рио-Саладо. Кургакчыл сейрек токойлор (кебрачо, гуаякан, альгорробо), батышында ксерофиттүү бадалдар осот. Айбанаттары:тапир,пекар,кундуз,нутрия, саз бугусу,пума, ягуар.

Жыландар, канаттуулар ж. б. да көп.Нефть жанагаз кендери бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Гран-Чако&oldid=321655" булагынан алынды
Категориялар:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp