Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Гобой

Википедия — ачык энциклопедия
Гобой.

Гобой - (французча hautbois – бийик дарак) – жыгачтан жасалганүйлөмө музыкалык аспап. Ал сурнай тибиндеги эски үйлөмө музыкалык аспаптардан тараган. 17-кылымдын 2-жарымында Францияда пайда болгон, 18–19-кылымдарда көзөнөктөрү, клапандары көбөйтүлөт. Боорунда 25 көзөнөгү бар, анын 22–24ү клапан менен жабылган. Ал кичинекей камыш түтүкчө аркылуу үйлөнөт. Гобой симфониялык жана опералык оркестрдеги үйлөмө жыгач аспаптардын маанилүүсү, жеке жана ансамблдик аспап катары да колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Гобой&oldid=316280" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp