Гностицизм (грек. gnosis – таанып билүүчү, тааным) – кийинки антика жана орто кылымдагы диний-философиялык агымдын биринчи этабы, агаманихейчилик, орто кылымдыкдуалисттикЕрес кирген.
Ал биздин замананын 1-кылымында жакынкыЧыгышта (Сирия жеСамарин) жеАлександрияда пайда болгон. 2-кылымдахристианчылыктын башкы атандашы болгон. Христианчылыктын чыгыш ишенимдерин (иудаизм,зороястризм,Вавилондук жанаегипеттикдиндер),грек философиясында жалпылап, синтез кылууга аракеттенген.
Гностицизмдин ичинде негизги үч агымды бөлүүгө болот:
- христианчылык Гностицизм; (1–3-к.);
- Көп кудайга сыйынуу Гностицизми;
- Мандеизм (2–3-к.).
Негизинен Гностицизмге бирдиктүү башталыш концепциясы мүнөздүү ошону менен бирге дуалисттик элементтер кездешет. Гностикалык окууда адам борбордук орунду ээлеген. Жалпысынан Гностикалык окуу кул ээлөөчүлүк формациянын кризисинин бир көрүнүшү жана жаңы көз караштын жаңы синтезин табуу аракети катары каралат.