![]() Гиперемия | ||
---|---|---|
ЭОК-9 | 780.99 | |
DiseasesDB | 4466 | 4466 |
MeSH | D006940 | D006940 |
Гиперемия (грек. Ὑπερ — «сыртынан» жанагрек. αἷμα — «кан») — кандын ткань менен органга көп келиши.Артериялык жана кан тамырлык гиперемия болуп айырмаланат.
Артериялык (активдүү) гиперемия кан тамырды кеңейтүүчү нервдин тонусу күчөгөндө же кан тамырды ичкертүүчү нервдин тонусу начарлагандаартерия канынын көп келишинен болот. Кан тамырлардынфизиологиялык дүүлүктүргүчтөрдү өтө сезгичтиги, ар кандай дүүлүк түргүчтөр (токсиндер, жогорку температура, ткандын ажыроо продуктулары жана башка), ошондой эле психогендик факторлор (уялуу, ачуулануу жана башка) себеп болот. Гиперемия болгон жердинартериясы кеңейип, ал жер ысып, кызарып чыгат (мисалы: беттеги гиперемия). Ткандарда алмашуу процесси күчөйт.Артериялык гиперемияда кан тамырлардын патол. өзгөрүүсүнөн кан куюлат. Дарылоо максатындагорчичник жана оңко коюу менен жасалмаартериялык гиперемияны пайда кылса болот.
Кан тамырлык (пассивдүү) гиперемия тырык, шишик, кан тамырлардынварикоздук кеңейиши жана башка кан тамыр капталын кысканда, жүрөк ишинин начарлашынан кан тамыр канынын агышы өзгөргөндө болот. Мында кан өтө жай агып, ал тургай токтоп калат. Ткандарга кычкылтек жетишпей, кан тамыр капталынын өткөргүчтүгү жогорулап, ак шишик басат. Дарылоо себебине жараша жүргүзүлөт.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991,ISBN 5-89750-008-8