Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Гилея

Википедия — ачык энциклопедия

Гилея (грекче helуе – токой) –Түштүк Америкадагы, негизиненАмазонка дарыясынын алабындагы нымдуу тропиктиктокой. Көп ярустуулугу, түргө, ошондой эле лиана жана эпифиттерге өтө байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Терминди 1820-ж. А. Гумбольдт сунуштаган. Гилеяда баалуу дарак өсүмдүктөрү (мисалы,какао, гевея) көп кездешет. Гилея дайыма ысык жана нымдуу климаттык шартта өскөндүктөн,биологиялык ритмдин сезондуулугу анча байкалбайт. Кеңири мааниде бүт континенттердеги нымдуу тропик токойлору гилея деп аталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Гилея&oldid=310139" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp