Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Гамбия

Википедия — ачык энциклопедия

Гамбия
англ. Republic of The Gambia

Герб
ТууГерб
Урааны:«Progress, Peace, Prosperity»
Гимн:«For The Gambia, Our Homeland»
Эгемендүүлүк күнү18-февраль1965-жыл

( Улуу Британиядан)

Расмий тилианглис тили
Борбор шаарыБанжул
Ири шаарларСерекунда,Брикама,Бассе-Санта-Су
Башкаруу формасыунитардык президенттик республика
Президент
Вице-президент
Адам Барроу
Мухаммад Яллоу
Мам. диниислам
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
159-орун - дүйнөдө
11 300 км²
11,5
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

2 422 712 адам (146-орун)
227 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2023)
  • Ар бир жанга

7,502 млрд $ (185-орун)
2837 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

2,388 млрд $ (185-орун)
903 $
АДӨИ 0,524 (төмөн) (170-орун)
Этнохоронимгамбиялыктар
Акча бирдигиГамбия даласиси (GMD, коду 270)
Учак компаниясыGambia Experience
Домени.gm
ISO кодуGM
ЭОК кодуGAM
Телефон коду+220
Убакыт аралыгыUTC±00:00

Гамбия, Гамбия Республикасы Батыш – Африкадагы мамлекет. Чыгышынан, түндүгүнөн жана түштүгүнөн Сенегал Республикасы менен чектешет. Батышынан Атлантика океаны чулгайт. Аянты 10, 7 миң км2 . Калкы 1,47 млн (2006). мамлекеттик тили англис тили. Борбору Банжул шаары административдик-аймактык жактан 8 округга бөлүнөт. Акча бирдиги деласи. Гамбия БУУнун (1965), Африка союзунун (1965), Бүгкүл дүйнөлүк соода уюмунун (1953) жана башкалардын мүчөсү.Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):Гамбия унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамында Конституциясы 1996-ж. 8-августтагы референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Эркиндик жана социализм үчүн улуттук демократиялык уюм, Патриоттуулукка багыт алуу жана түзүү альянсы, Көзкаранды эместик жана социализм үчүн элдик демократиялык уюму. Гамбиянын аймагы ойдуңдуу түздүк (бийиктиги 100 мге чейин). Түздүк Гамбия дарыясынын өйүз-бүйүз жээгин бойлой 350 кмге созулуп жатат. Өлкө кен байлыкка жарды. Климаты субэкватордук, жайы (июнь-октябрь) жаанчыл, кышы (ноябрь-май) кургак. Айлык ортотемпература 25ө-27°С. Жылдык жаан-чачыны 800 мм. Негизги дарыясы Гамбия, чыгыштан батышка карай бүт өлкөнү аралап агат. Суусу мол жана жайык. Жери токойлуу келип, акациялуу жана баобабдуу саванналар басымдуу. Гамбия дарыясынын өрөөндөрүндө дайыма жашыл тропик токойлору бар. Жалпы аянты 40 миң га болгон коргоого алынган 90 табигый аймагы бар, андан ичкери Кианг-Вест, Ривер-Гамбия улуттук парктары уюштурулган.Калкы көп улуттуу; көбү (80%) мусулман, калгандары эски динге ишенет. Калкынын жашынын орто узактыгы: эркектериники 52,3; аялдарыныкы 56 жашаары Орто жыштыгы 1 км2жерге 137 киши. Калктын 75% айыл чарба менен алектенет. Шаар калкы 30%. Ири шаарлары Брикама, Банжул, Серекунда, Бакау. Гамбиянын байыркы жана о. кылымдагы тарыхы толук изилдене элек. 13-15-кылымдарда Гамбиянын аймагы Мали империясынын, кийинчерээк Сонгаи мамлекетинин курамына кирген. 14-15-кылымдардан Гамбияга европалык келе баштайт. 1807-74-ж. бир катар уруу жолбашчыларына протекторат жөнүндөгү келишимдерди таңуулап, өз колониясына айландыруу менен Улуу Британия Гамбияга жаңы аймактарды кошот. 1902-ж. Гамбия дарыясынын өрөөнү бүт (Сента-Мэри аралынан башкасы) Британия протектораты болуп жарыяланат. Экинчи дүйнөлүк согуштанкийин Африка өлкөлөрүндө боштондук кыймылы күчөп, саясий партиялар түзүлөт. 1960-ж. бир палаталуу парламент, 1961-ж. алгачкы жолу курамына гамбиялыктар кирген Аткаруу кеңеши түзүлөт. 1963-ж. Гамбияга чектелген өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1965-ж. 18-августта Гамбиянын көзкаранды эместиги жарыяланат. 1965-ж. Гамбия БУУга кабыл алынган. 1970-ж. 24-апрелде Гамбия республика деп жарыяланып, Д. К. Жавара президент болуп шайланат. 1981-89-ж. Гамбия Сенегал менен бирдикте Сенегамбия федерациясын түзүшкөн. Гамбиянын өкмөтү тышкы саясатта аскердик-саясий блокторго кошулбоо саясатын жактайт. Гамбия Африкадагы экономикалык жактан артта калган өлкөлөрдүн бири. 1994-ж. мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында Я. Жамме бийликке келген. 1996, 2001-ж. президенттик шайлоолордо Жамме жеңишке жетишкен. Өлкөдө жакырчылыкты жоюу, менчиктештирүү боюнча ЭВФ тарабынан сунушталган программа экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүдө. 2-3-жылдан коррупцияга каршы күрөшүү компаниясы жүргүзүлүүдө. Гамбия агрардык өлкө. Экономикасы сырткы соодага көзкаранды. ИДПде айыл чарбанын үлүшү 35,5%, өнөржайыныкы 12,2%, тейлөө чөйрөсүнүкү 52,3% . Экспорттолчу негизги өсүмдүгү жержаңгак. Жыгаччылык, балык уулоо, тамак-аш өнөржайы бар. Шалы, таруу, акжүгөрү, маниок, жүгөрү, буурчак, банан жана цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Май пальмасынын жемишин чогултушат. Деңизден балык кармалат. 2003-ж. 130,2 млн кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 3,7 миң км (2005). Негизги деңиз порту Банжул шаары Негизги суу артериясы Гамбия дарыясы (390 км чейин кеме жүрөт). Башкы дарыя порттору Фатото, Жоржтаун, Кунтаур, КауУр, Банжул, Барра. Негизги соода шериктери: Франция, Улуу Британия, Индия, Германия жана Италия. Билим берүү системасында балдар үчүн 8 жаштан 6 жылдык башгалгыч, 4 жылдык толук эмес орто мектеп жана 6 жылдык толук орто мектеп бар. Улуттук университет, кесиптик жана атайын билим берүүчү жана башка окуу жайлары, Улуттук китепкана, Улуттук музей бар. Күн сайын чыгуучу мамлекеттик гезити, мамлекеттик радио жана телекөрсөтүүсү иштейт. Адабияты 20-кылымдын ортосунан баштап англис тилинде өнүгүүдө. Салттык исквосу пил сөөгүн жана жыгачты көркөм оймо-чиймелөө. Банжул шаарын курууда европалык шаар куруу жана архитектура пайдаланылган. Гамбиянын музыкалык маданиятында Батыш Африка элдеринин ар түрдүү салттары ширелишкен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
 Бул калыпты көрүү Африка өлкөлөрү
Эгемендүү
мамлекеттер

Алжир Ангола Бенин Ботсвана Борбордук Африка Республикасы Буркина-Фасо Бурунди Габон Гамбия Гана Гвинея Гвинея-Бисау Жибути Замбия Зимбабве Кабо-Верде Камерун Кения Коморлор Конго Демократиялык Республикасы Конго Республикасы Кот-д'Ивуар Лесото Либерия Ливия Маврикий Мавритания Мадагаскар Малави Мали Марокко Мисир Мозамбик Намибия Нигер Нигерия Руанда Сан-Томе жана Принсипи Свазиленд Сейшел Аралдары Сенегал Сомали Судан Сьерра-Леоне Танзания Того Тунис Түштүк-Африка Республикасы Түштүк Судан Уганда Чад Экваториалдык Гвинея Эритрея Эфиопия


Таанылбаган жана
жарым-жартылай
таанылган мамлекеттер

Азавад Сахара Араб Демократиялык Республикасы¹ Сомалинин аймагындагы мамлекеттик түзүлүштөр (Авдаленд Азания Галмудуг Жубаленд Пунтленд Сомалиленд Хатумо Химан жана Хеб)


Көз каранды аймактарИнди океанындагы Британия аймагы Батыш Сахара¹ Канар аралдары Мадейра Майотта Мелилья Реюньон Эпарсе аралдары Сеута
¹Батыш Сахара, БУУнун документтерине ылайык, деколонизацияланбаган аймак катары эсептелет. Анын аймагында жарыяланганСахара Араб Демократиялык Республикасы,Африка бирлигинин мүчөсү.Аймагынын көпчүлүк бөлүгүМарокко тарабынан басып алынган.
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Гамбия&oldid=553999" булагынан алынды
Категориялар:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp