Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Висмут

Википедия — ачык энциклопедия
Висмут.

Висмут (нем. Bismuthum),Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VА группа элементи,к.н. 83,ат. м. 208,9. Туруктуу бир изотоптон турат – 209Вi. Жаратылышта эркин жана бирикмелер түрүндө кездешет. Анын эң кеңири таралган минералдары Вi2S3 – висмут жалтырагы, Au3Bi – мальдонит жана Вi2O3- бисмит же висмут охрасы. В. жер кыртышында м. б-ча 210-5 % түзөт. В. ак жалтырак металл; тыгызд. 9,80г/см3, эрүү темп-расы 271,3оС; кайноо темп-расы 1529оС. Бирикмелеринде II, III, V валенттүү. Кургак абада туруктуу, жогорку темп-рада күйүп, сары түстөгү оксидин Вi2O3 пайда кылат. Күкүрттө эриткенде же анын туздары эритмесине Н2S таасир эткенде В. сульфиди пайда болот:

2Bi + 3S = Bi2S3

Туз жана суюлтулган күкүрт к-талары менен аракеттенишпейт. Азот к-тасы менен нитратты, концент. күкүрт к-тасы менен ысытканда сульфатты Вi2(SO4)3 пайда кылат, галогендер менен ВiF3 сыяктуу бирикмелерди берет:

2Bi + 8HNO3 = 2Bi(NO3)3 + 2NO + 4H2O 2Bi + 6H2SO4 = Bi2(SO4)3 + 3SO2 + 6H2O

2Bi + 3F2 = 2BiF3

В. Мg менен болгон куймасына НСl таасир эткенде ВiH3 пайда болот. Ал уулуу газ. В. Вi2O3 көмүр менен калыбына келтирүүдөн же күкүрт бирикмелеринен темир менен сүрүп чыгаруудан алынат:

Вi2O3 + 3C = 2Bi + 3CO;

Bi2S3 + 3Fe = 2Bi + 3FeS

В. коргошун, калай, кадмий ж.б металлдар менен куймаларды алууда жана магнит талаалары чыңалуусун өлчөй турган приборлор, ядролук реакторлор, көп бирикмелери айнек, керамика жасоодо жана медицинада колдонулат. (BiO)NO3 висмутил нитратыХVI к-да эле театрларда грим катары колдонулуп келген.

Колдонулган адабияттар

123456789101112131415161718
1H He
2LiBe BCNOFNe
3NaMg AlSiPSClAr
4KCa ScTiVCrMnFeCoNiCuZnGaGeAsSeBrKr
5RbSr YZrNbMoTcRuRhPdAgCdInSnSbTeIXe
6CsBaLaCePrNdPmSmEuGdTbDyHoErTmYbLuHfTaWReOsIrPtAuHgTlPbBiPoAtRn
7FrRaAcThPaUNpPuAmCmBkCfEsFmMdNoLrRfDbSgBhHsMtDsRgCnNhFlMcLvTsOg
Щелочтук металлдар Щелочтук жер металлдар ЛантаноиддерАктиноиддерӨтмө металлдарБашкаметаллдарМеталлоиддерБашкаметалл эместерГалогендерИнерттүү газдар
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Висмут&oldid=494705" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp