Уорд Каннингем жана анынБо Леуф аттуу авторлошу, биргелешип жазганThe Wiki Way: Quick Collaboration on the Web деген китебинде Вики концепциясын кийинкидей сүрөттөшкөн:
- Вики, Вики-сайтта, кошумчакеңейтимдери жок эле кадимки веб-браузердин жардамы менен каалаган бетти оңдоого же жаратууга бардык колдонуучуларга мүмкүнчүлүк берет.
- Вики ар кандай беттер ортосунда, интуитивдик жол менен эле шилтемелерди колдонуп байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, жана ошол беттер бар же жок экенин көрсөтөт.
- Вики кокусунан кирип калган колдонуучулар үчүн жакшылап түзүлгөн сайт эмес. Вики, тескерисинче кирүүчүлөрдү, сайттын түзүлүш-көрүнүшүн такай кубулжутуп турган үзгүлтүксүз жаратуу процессине катышууга чакырат.
Викинин кийинкидей касиеттери бар:
- Текстти бир нече ирет оңдоо мүмкүнчүлүгү. Бул касиет вики-чөйрө (сайт) тарабынан камсыз кылынат, редактор тарабына эч кандай кошумча талаптар койулбайт.
- Викинин вики-белгилөө деп аталган өзгөчөбелгилөө тили бар. Ал, текст арасында түзүлүштүк элементтерди жанашилтемелерди тез эле белгилегенге, кээ бир элементтерди оңдоого жана тескөөгө жардам берет.
- Викининбеттерди нускалоо тутуму бар. Ал оңдоолор арасындагы өзгөрүүлөрдү байкоого, жана мурунку нускага кайтууга жардам берет.
- Киргизилген өзгөрүүлөрдүн дароо көрүнүшү.
- Тексттин мазмунун аталыштар энчиленген беттерге бөлүү мүмкүнчүлүгү.
- Шилтемелөө мүмкүнчүлүгү: сайттын беттери жана уул бөлүмдөрү контексттик шилтемелер аркылуу байланышат.
- Авторлоштук. Кээ бир вики макалаларды сайттын бардык кирүүчүлөрү оңдой алат.
Кээ бир викилерди ар бир каалоочу, катталбаган колдонуучу болсо деле, өзгөртө алат. Бейбаштар ар кандай үйлөрдүн дубалдарын, дарбазаларынграффитилеп кеткен сыяктуу, уики-макалаларын да атайылап бузуп, орунсуз маалымат жазган учурлар да болот. Бирок, бактыга жараша, үйлөрдүн дубалдарынан, дарбазаларынан айрымаланып, Википедияда макаланын мурунку нускасын кайтарып алса болот:бузгандан оңдогон оңой. Болбой эле баратса, бир нече жолу бейбаштык кылган колдонуучуга макалаларды өзгөртүүгө тыйуу салып койсо болот:IP-дарегин же колдонуучу атын кара тизмеге киргизип койсо болот.