Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Весниндер

Википедия — ачык энциклопедия

Весниндер -сов. архитекторлор. Леонид Александро­вич В. (18801933).Петербург көр­көм сүрөт академпясында Л. Н. Бенуадан окутан (1901—09),Москвадагы Жог. тех. окуу жайы (1923—31) мененМосква архитектура институнун (1932— 33) проф., Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Виктор Алексан­дрович В. (1882—1950). Петербургдагы Гражд. инженерлер даярдоочу институтта окутан (1901—12).СССР ИА­нын акад. (1943).СССР архитектура академиясынын алгачкы президенти (193949).

СССР Жог. Советинин (1—2-шайл.) депутаты. Ленин ордени. башка 3 орден менен сыйланган. Александр Александрович В. (18831959). Гражд. инженерлер даярдоочу институтта окуган (190112), СССР архитектура жана курулуш академиясынын ардактуу мүчөсү (1956). Эм­гек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Весниндердин ысмы сов, архтектуранын өсүү жолу менен тыгыз байланыштуу. Москвадагы Ки­ров көчөсүндөгү турак үйлөр (1908), Башкы почтамт имараты (1911), Мамл. көркөм музей (1913) жанa Горький шаарындагы Сироткиндин үйү алар тарабынан курулган. Рев-ядан кийин аларМосква,Кострома,Саратов,Баку ж. б. шаарлардын өнөр жай курулуштарынын архитектуралык долбоорун түзүшкөн.

Весниндердин программалык эмгектери — Эмгек Дворецинин имаратынын (1923), «Аркос» соода коом үйүнүн (1924), «Ленинградская правда» газетасынын филиалынын (1924) жанa Ленин атн. китепкананын (1928) долбоорлору. 1929—32-ж. Днепр ГЭСинин, Харьков театрынын жанa Москвадагы Ленин атындагы заводдун, Маданият двореци­нин долбоорун түзүшкөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Весниндер&oldid=243931" булагынан алынды
Категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp