Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Верона

45°26′ с. ш. 10°59′ в. д.HGЯO
Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Верона
ЖелекГерб
ЖелекГерб
Венето облусуИталияИталия
Координаттар45°26′ с. ш. 10°59′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшүВерона провинциясы
МэрДамаско Томмазо
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги5 м
Климатынын түрүЖер ортолук деңиз климаты
Убакыт аралыгыUTC+1,жайындаUTC+2
Калкы
Расмий тилиИталян тили
Калкы258 000 адам (2023)
Улуттук курамыИталиялыктар
Диний курамыКатолицизм
ЭтнохоронимВеронезе (Вероналыктар)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+39 045
Почта индекси37100
Автоунаа кодуVR
Расмий сайтыhttps://www.comune.verona.it  (итал.)
Верона (Италия)
Викиказына түрмөгүндө:Верона

Верона — ТүндүкИталиядагы шаар. Венеция облусунда, Верона провинциясынын административдик борбору. Калкы 262,1 миң (2006). Адиже дарыясынын боюнда. Альп тоолорундагы Бреннер ашуусун өрдөй берген жердеги жолдор тоому. Б. з. ч. 3-кылымдан белгилүү, б. з. ч. 89-жылдан Рим колониясы. Веронанын 12-кылымда шаар-мамлекет болгон. 1405-жылдан Венециянын ээлиги. 1797-ж. Венеция менен бирге Австрияга, 1866-ж. Италия королдугуна кошулган. Экинчи дүйнөлүк согушта катуу талкаланган. Байыркы рим театры (б. з. ч. 1-кдын аягы), чептердин калдыктары, Понте-Пьетра көпүрөсү, роман стилиндеги курулуштар, соборлор, чиркөөлөр, Кастелвеккьо сепили (14-к.; Скалигер көпүрөсү менен) ж. б. сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Музейлер, заманбап сүрөт галереясы, филармония, театрлар бар. Италиянын тамак-аш өнөр жайынын ири борбору (эт, балык, шарап, кондитер азыктары). Түстүү металлургия (цинк жана коргошун эритилет), машина куруу (айыл чарба, электроника ж. б.), химия (резинатехникалык буюмдары, пластмасса), полиграфия, текстиль, тигүү, бут кийим, жыгаччылык, кагаз, эмерек өнөр жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Италиянын калкы эң көп шаарлары
1 млн+ калктуу
500 миң — 1 млн
100 миң — 500 миң
50 миң — 100 миң
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Верона&oldid=515520" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp