Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Вануату

Википедия — ачык энциклопедия

Вануату Республикасы
бисл.Ripablik blong Vanuatu
фр. République du Vanuatu
англ. Republic of Vanuatu

Герб
ТууГерб
Урааны:«Биз Кудайдын артында турабыз»
Гимн:«Yumi, Yumi, Yumi
»
Эгемендүүлүк күнү30-июль1980-жыл

( Франциядан жанаУлуу Британиядан)

Расмий тилианглис тили,француз тили жанабислама тили
Борбор шаарыПорт-Вила
Ири шаарларПорт-Вила,Люганвиль
Башкаруу формасыпарламенттик республика
Президент
Премьер-министр
Никенике Вуробараву
Сато Килман
Аянты
• Жалпы
157-орун - дүйнөдө
12,189 км²
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

335,908 адам (182-орун)
27,6 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

1,002 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

1,064 млрд $
3,188 $
АДӨИ 0,607 (орточо) (142-орун)
Этнохоронимвануатулук, вануатулуктар
Акча бирдигиВату (VUV)
Домени.vu
ISO кодуVU
ЭОК кодуVAN
Телефон коду+678
Убакыт аралыгыUTC+11:00

Вануату (бисл.Vanuatu,фр. Vanuatu,англ. Vanuatu), расмий аталышы —Вануату Республикасы (бисл.Ripablik blong Vanuatu,фр. République du Vanuatu,англ. Republic of Vanuatu) —Тынч океанынынМеланезия аймагында жайгашкан мамлекет.

ТүндүгүнөнСоломон аралдарынын суулары, батышынанАвстралиянын экономикалык аймагы, түштүк-батышынанЖаңы Каледониянын аймактык суулары, чыгышынанФижинин аймактык суулары менен чектешет. Жээк тилкесинин узундугу 2528 км. Вануату РеспубликасыЖаңы Гебрид архипелагындагы 83 аралда жайгашкан.

Жалпы аянты — 12,189 км², калкынын саны 335,908 — адам[1]. Борбору —Порт-Вила шаары.

Этимология

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Бул аралдарУлуу Британиядан жанаФранциядан1980-жылы30-июлда көз карандысыздыкка жетишкенден баштап, өлкөнүн азыркы аталышы Вануату (сөзмө-сөз которгондо «бул жер түбөлүктү» деген маанини билдирет) расмий колдонула баштаган[2].

Көз карандысыздык алганга чейин,Жеймс Кук[3]1774-жылыШотландиянын батышында жайгашкан Гебриддер аралдарынын урматтынан койгон «Жаңы Гебриддер» деген аталыш колдонулуп келген[4].

Тарыхы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Вануатунун алгачкы тарыхы өтө начар изилденген. Археологиялык эстеликтерге таянсак бул аралдарда болжол менен 4000 жыл мурун адамдар жашаган. Табылган айрым чопо идиштер биздин заманга чейинки 1300-1100-жылдарга таандык.

Палеогенетиктердин маалыматы боюнча, 5-6 миң жыл мурунТайванда пайда болгон лапита маданиятынын өкүлдөрү Вануатуга 3000 жылдай мурун барып отурукташкан[5].

География

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Географиялык абалы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Меланезиядагы Вануату мамлекети түндүктөн түштүккө карай 1176 чакырымга созулган Y-формасындагы аралдардын тизмеги. Жакынкы мамлекеттер —Соломон аралдары - 170 км түндүгүндө,Жаңы Каледония - 230 км түштүк-батышында,Фижи - 800 км чыгышында жанаАвстралия - 1750 км батышында жайгашышкан.

Вануатунун космостон тартылган сүрөтү.

Кургактыктын аянты — 12,189 км². Архипелаг эл отурукташкан 14 ири жана 60 кичинекей, аралдардан турат. Жалпысынан Вануатунун курамына 83 арал кирет[6]. Эң негизгиси аралдары — Эфате, Эспириту-Санто, Танна жана Малекула аралдары. Вануатунун эң чоң Эспириту-Санто аралында өлкөнүн эң бийик чекити болгон Табвемасана тоосу (1879 м) жайгашкан. Амбрим, Аоба жана Тонна аралдарында бийиктиги океан деңгээлинен 1000 метрен ашкан тоолор жайгашкан. Аралдардын көпчүлүк бөлүгү океандык плиталардын кыймылынын натыйжасында келип чыккан тоолуу рельефке ээ. Айрым аскалуу аралдаркоралл рифтери менен курчалган. Архипелагдын батышында тереңдиги 8000 метрге чейин жеткен океан астындагы чуңкурлары да бар.

Вануатунун эң түндүккү аралы - Торрес аралдар тобундагы Хиу аралы, алСоломон аралдарына таандык Санта-Круз аралдарынан 150 чакырым түштүктө жайгашкан. Расмий түрдө өлкөнүн эң түштүккү аралы - Анейтюм аралы болуп саналат. Бирок Анейтюм аралынан түштүгүрөөк жайгашкан Матью жана Хантер аралдарыЖаңы Каледония менен Вануатунун ортосунда талашта.

Ясур жанар тоосунун атылышы

Геология жагынан Вануату аралдары жаш жана аймактагы литосфералык плиталардын кыймылынан келип чыкканжанар тоолордун активдүүлүгүнүн төрт негизги этабында пайда болгон[7].

Курамы жактанЖаңы Гебриддер аралдары жанар тоо тектеринен турат (энелик тектер, базальт, андезиттер жана акиташ).

Вануату аралдары миоцен доорунда калыптана баштаган. Эспириту-Санто, Малекула жана Торрес аралдары болжол менен 22 миллион жыл мурун, Маэво жана Пентекост аралдары 4-10 миллион жыл мурун, бул архипелагдын курамына кирген башка аралдар болжол менен 2-3 миллион жыл мурун пайда болгон. Азыр аралдардагы жаңы аянттардын пайда болуу процесси уланууда: болжолдуу түрдө азыркы Вануату аянтынын 20% акыркы 200 миң жылдын ичинде пайда болгон[7].

Шеперд тобундагы Эпи жана Тонгоа аралдары мурда бир Куваэ аралы болгон. Бирок,1452-жылы жанар тоонун атылышынан улам Куваэ аралы сүйрү формадагы 12x6 км болгонкальдира менен эки аралга бөлүнүп калган. Бул жанар тоонун атылышы, акыркы 10 миң жылдагы эң ири (атмосферага 35 км³ жанар тоо материалы ыргытылган) жанар тоо атылышы болуп, бир нече жылдар бою глобалдык климатка таасирин тийгизген[8].

Ясур жанар тоосунун алдындагы түздүк

Жаңы Гебрид аралдарынын пайда болуу тарыхын мындай деп кыскача сүрөттөөгө болот: алгач суу астындагы жанар тоолор өсүп олтуруп океандын бетине жеткен, кийин жанар тоолордун активдүүлүгү төмөндөп, жанар тоолордун четинде кораллдардын активдүү өсүшү башталган, литосфералык плиталардын кыймылы суу астындагы рифтердин көтөрүлүшүн шарттаган жана алар кургактыктын бир бөлүгү болуп калган, андан кийин аралдардын бетиэрозияга учурап, аралдардын азыркырельефи түзүлгөн[9].

Азыркы учурда аралдар жылына 0,5 мм ылдамдык менен өсүүдө[9].

Амбер аралындагы Манаро Войд жанар тоосу.

Вануатунун аралдарыТынч океанынын Австралия жана Тынч океан литосфералык плиталары чектешкен жанар тоо тилкесинде жайгашкан. Ушундан улам, аралдарда кыйратуучу күчкө сейрек жеткен жанар тоолордун атылышы жанажер титирөө көп болуп турат. Вануатудагы эң белгилүү активдүү жанар тоосу Танна аралында жайгашкан, бийиктиги 365 мге жеткен Ясур жанар тоосу. Бул жанар тоодон алыс эмес жерде бардык тарабынан лава жана жанар тоо күлү менен курчалган Сиви көлү жайгашкан. Ясур дүйнөдөгү туристтер үчүн эң жеткиликтүү активдүү вулкандардын бири болуп саналат[10]. Жергиликтүү тургундардын уламыштарына ылайык, жанар тоо рухтардын мекени болгондуктан ыйык жер деп саналат.

Аоба аралындагы өчкөн Аоба жанар тоосунун бийиктиги 1500 метр жана анын үч кратеринде термалдык көлдөр жайгашкан, эң чоңу көлү - Манаро көлү[10].

Көптөгөн аралдарда жанар тоолук активдүүлүктүн жана акиташтын же күлдүн эрозиясынын натыйжасында пайда болгон жер астындагы үңкүрлөр бар. Белгилүү үңкүрлөрдүн бири - Эфате аралындагы Сивири үңкүрү[11].

Вануатунун аралдарында белгилүү болгон ири минералдык кендер жок, бирок геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат. Кору азалтын жанамарганец кендеринин бар экендигин чалгындоо иштеринен кийин аныкташкан[11].

Эфате аралындагы Меле айылынын жанындагы шаркыратма

Экватордук климатка жакын нымдуу тропикалык климат көпчүлүк Вануату аралдарына мүнөздүү. Бирок, тоолуу рельефтүү аралдарда бийиктикке жана шамалдын таасирине жараша климаттык айырмачылыктар бар[12].

Аралдардын жапыз тоолорунун шамалсыз түштүк-чыгыш капталдарында экватордук климат (жаан-чачындын деңгээли 2500 ммден 4000 ммге чейин); ал эми тоолорунун шамалдуу түндүк-батыш капталдарында эки мезгилдүү тропикалык климат (жаан-чачындын деңгээли адатта 2000 ммден ашпайт) мүнөздүү. Түштүгүндөгү 500-600 м жана түндүгүндө 200-300 м бийиктиктеги аймактарында, бийик тоолуу аймактарга мүнөздүү нымдуу, тумандуу жана жылына жаан-чачындын деңгээли 5000 ммден ашкан климат үстөмдүрөк кылат[12].

Майдан октябрга чейин созулган кыш айларындаЖаңы Гебриддерде түштүк-чыгыштан сокконбриздердин таасири астында күндүзү күнөстүү жана түндөрү салкын келет. Ноябрдан апрелге чейин тез-тез жана катуу нөшөрлөп жааган жамгырлардан улам аба абдан нымдуу. Жылдын ушул мезгилинде жогорку температура жанациклондор тез-тез катталып турат.

Түндүк аралдарында жаанчыл мезгилде жылдык орточо температура 30 °C, кургакчыл мезгилде 20 °C түзөт. Түштүк аралдарында жылдык орточо температура 29 °Cдан 17 °Cка чейин өзгөрүп турат. Вануатунун борбору болгонПорт-Вила шаарында жаан-чачындуу мезгилде нымдуулук 90% га чейин жетиши мүмкүн. Кургакчыл мезгилде нымдуулук болжол менен 70-74% тегерегинде.

Бардык Вануату аралдарында жаан-чачындуу мезгил январдан мартка чейин созулат. Жылдын эң жаанчыл айы февраль (20 жаанчыл күн). Эң кургак айлар август жана сентябрь. Түндүк-чыгыш аралдарында жылдык орточо жаан-чачындын деңгээли болжол менен 4000 мм, түштүк аралдарында 2360 мм.

Вануатунун түндүк-батышында жайгашканКоралл деңизинин үстүндө пайда болгонциклондор аралга декабрь-март айларында жаан-чачынды алып келет.

Суу ресурстары (гидрология)

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Аралдардын тропикте жайгашкандыгына байланыштуу,Жаңы Гебриддерде дарыялардын саны өтө эле аз. Вануату көптөгөн аралдарында дарыялар таптакыр жок. Бирок, Эфате, Эспириту-Санто, Пентекост жана башка кээ бир аралдарынын ички аймактарынан башталган кичинекей агын суулар кездешет. Аралдардын топурагы жанар тоолук болгондугуна байланыштуу жамгыр суулары да жер үстүндө кармалбай жана бат эле жерге сиңип кетет[13].

Вануатунун топурагы негизинен жанар тоо тектеринен туруп курамында вулкандык күлдүн көп болушу менен мүнөздөлөт. Климаттык шарттарга жараша өлкөнүн топурагын үч негизги топко бөлсө болот: нымдуу климаттуу түштүк-чыгышында жайгашкан аралдарында ферраллит топурактары, кургак климаттуу түндүк-батышындагы аралдарында ферсиаллит топурактары жана бийик тоолуу аймактарында анд топурактары. Климат канчалык нымдуу болсо, топурагы ошончолук жаш болот жана анд топурактар тобуна кирет[12].

Жаан-чачын тез-тез болуп турганына карабастан, курамында жанар тоо күлү көп болгон жапыз жана ойдуңду аймактарынын топурактары түшүмдүү келет. Ал эми, Анейтюм, Эроманга, Эфате жана Эспириту-Санто аралдарынын топурактары эски жанар тоо тектеринен пайда болгон ферралиттик топурактардан туруп, түшүмдүүлүгү азыраак[12].

Флора жана фауна

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Баалуу жыгач берген каури дарагы.
Эфате аралындагы Эракор жээги.

Жергиликтүү флора менен фаунанын пайда болуу процессиЖаңы Гебриддердеги ири геологиялык процесстер аяктагандан кийин башталган. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн көпчүлүгүПапуа-Жаңы Гвинея, Жаңы Британия жанаСоломон аралдары аркылуу Индо-Австралиядан алып келинген (океан агымдары, канаттулар ж.б.аркылуу)[14].

Вануату аралдарында өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү биринчи кезекте бийиктиктен көз каранды: өрөөн токойлору, тоо токойлору, мезгилдик токойлор, жаңы жанар тоолордун бетиндеги өсүмдүктөр, жээк өсүмдүктөрү[15].

Вануатуда өскөн өсүмдүктөрүнүн жалпы саны 870 жакын түрдү түзөт, алардын 130 эндемиктер[16]. Аралдарга көп сандагы өсүмдүктөр жана жаныбарлар адамдар тарабынан алып келинген (ямс, таро,банан, цикадалар, кант камышы,чочколор,иттер жана канаттуулардын кээ бир түрлөрү).

Вануатудагы сүт эмүүчүлөр — учуучу түлкүлөрдүн 4 түрү жана курт-кумурскалар менен тамактанганжарганаттардын 8 түрү, алардын ичинен 4 түрү эндемиктер же дээрлик эндемик жандыктар[17].

Вануату аралдарында кургактыкта жашаган канаттуулардын 57 түрү (7 түрү эндемиктер), сойлоп жүрүүчүлөрдүн 17 түрү (алардын ичиндекрокодилдер жана уулуу эмес жыландардын эки түрү),көпөлөктөрдүн 71 түрү (бешөө эндемиктер),кумурскалардын жанатермиттердин 12 түрү (бешөө эндемиктер),үлүлдөрдүн 76 түрү (57 түрү эндемиктер).

Жээктеги суулар деңиз фаунасына абдан бай. Кээ бир аралдардадеңиз таш бакалары жумуртка тууйт. Амбаэ, Амбрим, Паама, Пентекост жана Молекула аралдарынын жээгиндеакулалар байырлашат[17].

Вануатунун аймагында бир улуттук парк жана 106 коргоого алынган аймактар жана коруктар бар («Million Dollar Point» улуттук паркы, «Loru» жана «Vatthe» коруктары ж.б.)[17].

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Мамлекеттик түзүлүшү

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Вануату — эгемендүү унитардык демократиялык республика.1980-жылдын30-июлунда кабыл алынган Конституциясы Вестминстер системасы боюнча парламентаризмдик башкаруунун формасын аныктайт[18].

Мыйзам чыгаруу бийлиги

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Вануатунун парламентинин имараты.

Өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы — төрт жылдык мөөнөткө шайланган 52 депуттардан турган бир палаталуу парламент. Депутаттар жалпы шайлоо укугунун негизинде пропорционалдык өкүлчүлүктүн элементтерин камтыган шайлоо системасы аркылуу шайланышат. Вануатунун 25 жашка толгон бардык жарандары депутаттыка талапкарлигин коё алышат[19].

Шайлоодон кийинки биринчи отурумда парламент мүчөлөрү спикерди жана анын орун басарын шайлашат[19].

Парламенттин абсолюттук көпчүлүгү чыгарган чечимге ылайык, бардык депутаттардын ¾ кем эмеси катышкан атайын жыйында таркатылышы мүмкүн. Бул чечимге туура бир жума калганда парламент депуттары спикерге эскертүү бериши керек. Парламентти таркатуу укугуна президент да ээ. Президент Министрлер Кеңеши менен макулдашуу боюнча тиешелүү парламентти таркатуу чечимин чыгарат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо, парламент тарагандан кийин 30 күндөн эрте эмес жана 60 күндөн кеч мөөнөтө дайындалышы керек[19].

Вануату парламентине өлкөнүн бир же бир нече министрлери, ошондой эле премьер-министр сунуш кылган мыйзам долбоорлорун кабыл алуу аркылуу мыйзамдарды чыгаруу укугу берилген. Мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылгандан кийин президентке кол коюууга жиберилет. Президент эки жуманын ичинде мыйзам долбооруна кол коюшу керек, эгерде президент парламент жактырган мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет деп эсептесе, Вануатунун Жогорку Сотуна, мыйзам долбоорлорун тактап берүү суранычы менен кайрылат[19].

Аткаруу бийлиги

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Жорж Сокоману — Вануатунун биринчи президенти.

Вануату — бийлиги чектелген президент жетектеген парламенттик республика. Президентти парламенттин мүчөлөрүнөн жана аймактык кеңештердин төрагаларынан турат шайлоочулар коллегиясы шайлайт. Добуштардын 2/3 алган талапкер президент болуп шайланды деп эсептелет. Президенттин кызмат мөөнөтү - 5 жыл. Президент туура эмес жана мыйзамсыз иштери үчүн, ден соолугунун абалы боюнча, ошондой эле шайлоочулар коллегиясынын ¾ жана жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын ¾ катышкан отурумда колдоого алынган шайлоочулар коллегиясынын демилгеси боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн . Президентти кызматтан четтетүү үчүн жыйналышка катышкан шайлоочулардын санынын 2/3 бөлүгү добуш берүүгө тийиш[19].

Президент кылмышкерлерге кечирим берүү, жазасын жеңилдетүү өкүмүн чыгаруу укугуна ээ.

Аткаруу бийлиги премьер-министрге, Министрлер кеңешине таандык. Министрлер кеңеши премьер-министрден жана башка министрлерден турат жана алардын саны парламент депутаттарынын жалпы санынын 1/4 бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Өкмөт башчылысынын милдетин аткарган премьер-министр парламент депутаттарынын ¾ катышуусу менен кезектеги сессияда парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат. Министрлер парламенттин депутаттарынын курамынан, премьер-министрдин сунушу менен дайындалат. Министрлер кеңеши өлкөнүн парламентинин алдында жамааттык жоопкерчилик тартат[19].

Вануатунун сот тутуму —апелляциялык соттон,жогорку соттон, магистрат жана арал сотторунан турат[20].

Вануатунун Жогорку соту — кылмыш жана жарандык иштер боюнча биринчи инстанциядагы сот. Ал Жогорку соттун төрагасынан жана дагы үч судьядан турат. Жогорку соттун төрагасын президент, премьер-министр жана оппозиция лидери менен кеңешкенден кийин дайындайт. Вануатунун аймагында юрист болуп иштеген тажрыйбалуу адам гана Жогорку соттун төрагасы боло алат. Калган бардык судьялар сот өндүрүшүнүн комиссиясынын сунушу боюнча президент тарабынан дайындалат.

Жогорку соттун эки же андан көп судьяларыапелляциялык сотту түзүшөт. Көпчүлүк күнүмдүк укуктук маселелер магистрат соттору тарабынан чечилет.

Республиканын Конституциясында жер талаштарын чечүү жана жарандар ортосундагы укук маселелери менен алектенген айылдык жана аралдык сотторду түзүү мүмкүнчүлүгү каралган[20].

Шайлоо округдары

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Вануатудагы 18 жашка толгон бардык жарандарга шайлоо укугуна. Добуш берүү милдеттүү эмес. Вануату Республикасы 17 шайлоо округдарына бөлүнгөн, калкынын санына жараша ар бир округдан саны бирден жетиге чейинки жарандар депутаттыка талапкер боло алышат.

Жергиликтүү бийлик

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Малвату-Маури же улуттук аксакалдар кеңешинин имараты.

Вануатуда каада-салттар өлкөнүн саясий турмушунда маанилүү ролду ойнойт. Бул көрүнүштүн бир мисалы болуп Малвату-Маури деп аталган улуттук аксакалдар кеңеши саналат. Улуттук аксакалдар кеңеши - конституциялык орган. Бул Кеңеш өлкөнүн үрп-адаттарына жана каада-салттарына байланыштуу бардык маселелерди талкуулоо боюнча жалпы компетенцияга ээ жана Вануатунун Өкмөтүнө маданият жана тил багтыттары боюнча кеңеш берет. Бирок, кеңештер эч кандай мыйзам макамына ээ эмес[21].

Вануатуда улуттук саясий структуралардан тышкары алты провинциялык өкмөттүк кеңештер бар. Ар бир провинциялык кеңеш бир нече дайындалган жана шайланган мүчөлөрдөн турат. Провинциялык кеңештер өз провинциясынын чегинде мыйзамдарды (анын ичинде салык боюнча) чыгарууга укуктуу[19].

Саясий партиялар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Вануатуда партиялык система калыптануу этабында, көптөгөн партиялардын расмийсы идеология жана саясий программасы жок. Вануатудагы партиялар тутумунун көпчүлүгү тилдик айырмачылыкка негизделген: англофондор (Вануаку партиясы) жана франкофондор (Орточо партиялар союзу) партиялары[18]. Вануатуда саясий партиялардын саны дайыма өсүүдө. Парламентке өткөн партиялар көбүнчө өз алдынча өкмөт курамын түзө алышпайт жана коалициялык өкмөт курамын түзүү үчүн бири-бири менен иштөөгө аргасыз.

Эң ири саясий партиялар — Вануаку партиясы («Биздин жер партиясы», социалисттик экономикалык саясат багытында иш алып барат), Улуттук Бириккен партия (англис тилдүү шайлоочулардын эң көп колдоосуна ээ болгон социал-демократиялык партия), Орточо партиялар Союзу (француз тилдүү шайлоочулардын эң көп колдоосуна ээ болгон консервативдик партия).

Куралдуу күчтөр жана полиция

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Вануату Республикасында туруктуу куралдуу күчтөр жок. Бирок буга карабастан2005-жылы республиканын карамагында аскерге чакыруу курагындагы 50 221 адам болгон, алардын ичинен 33 837 адам аскердик кызмат өтөөгө жарактуу болгон[22].

Өлкөнүн полиция кызматы бар, алар жалпы полиция күчтөрүнө, ыкчам (англ. Vanuatu Mobile Force) жана деңиз топторуна (англ. Police Maritime Wing) бөлүнөт[22].

2004-жылы өлкөдө 916 кылмыш иши каттлаган. Алардын ичинен: жеке жарандарга карата - 287, уурулук - 457, коомдук тартипти бузуу - 108[23].

Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Вануату Республикасы 65 ашуун өлкөлөр менен дипломатиялык мамилесин түзгөн. Бирок,Австралия,Кытай,Жаңы Зеландия жанаФранция ганаПорт-Вила шаарында өз элчиликтерин ачышкан.СССР менен Вануатунун ортосундагы дипломатиялык мамилелер1986-жылдын30-июнунда түзүлгөн.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Вануатунун провинцияларынын картасы

1906-жылыЖаңы Гебриддерде кондоминиум түзүү боюнча конвенцияга кол коюлгандан кийин төрт жыл бою административдик бөлүнүү болгон эмес жана меланезиялыктар катышкан ар кандай талаш-тартыш иштерди жалпы сот эмес, аскер-деңиз комиссиясы караган жана чечимдерди кабыл алган[24].1911-жылы административдик реформаны ишке ашыруу боюнча алгачкы кадамдар жасалган. Реформанын натыйжасында,1912-жылы Жаңы Гебриддердин айрым аралдарына резидент-комиссарлардын өкүлдөрү дайындалган (Эфате аралын кошпогондо), алар калктын ар кандай даттанууларын карап, жумушка орношуу маселелерин көзөмөлдөшкөн. Британиянын өкүлдөрү Танна жана Эспириту-Санто аралдарында, Франция өкүлдөрү Малекула жана Пентекост аралдарында колониялык багыттагы иштерди жүргүзүшкөн[3].

1985-жылы кезектеги административдик реформа жүргүзүлүп, натыйжада төрт округ жоюлуп, он бир аралдар үчүн Арал Кеңеши түзүлгөн[21].

1994-жылдан тартып Вануату Республикасы 6 провинцияга бөлүнөт[21]. Провинциялардын аталыштары провинцияны түзгөн негизги аралдардын аталыштарынын уңгусунан же биринчи тамгаларынан түзүлгөн.

Провинция

(кырг.)

Провинция

(англ.)

Административдик

борбору

Аянты,

км²

Калкы,

адам (2009)

Жыштыгы,

адам/км²

1МалампаMalampaЛакаторо277936 72713,22
2ПенамаPénamaСаратамата119830 81925,73
3СанмаSanmaЛюганвиль424845 85510,79
4ТафеаTafeaИсангел162832 54019,99
5ТорбаTorbaСола882935910,61
6ШефаShéfaПорт-Вила145578 72354,11
Бардыгы12 190234 02319,20

Калкы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Вануатунун калкы
Вануатунун калкынын өсүү динамикасы
Калктын структурасы
Калктын саны234 023 адам (2009)
Калктын жыштыгы19,20 адам/км² (2009)
Орточо курагыжалпы: 23,9 (2009)
эркектер: 25,5 (2009)
аялдар: 22,5 (2009)
Курак структурасы0—14: 38,9 % (2009)
15—60: 55,2 % (2009)
60 жогору: 5,9 % (2009)
Шаардык калктын үлүшү24,4 % (2009)
2000-жылга карата жыныстык жана курактык түзүм
Төрөлүүнүн деңгээли
Фертилдүүлүктүн жалпы коэффициенти2,63 ‰ (2007)
Төрөттүн жалпы коэффициенти22,35 ‰ (2007)
Өлүмдүн деңгээли
Ымыркайлардын өлүмү

(1 жашка чейинки 1000 төрөлгөндөргө)

52,45 ‰ (2007)
Балдардын өлүмү (1 жаштан 4 жашка чейин)NA
Калкынын саны[25]
196719791989199920092016
78,000111,251142,419186,678234,023272,459

Калктын жайгашуусу

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

1999-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарына ылайык, Вануатунун калкы 186,678 адамды түзгөн[26].2009-жылга карата адамдардын саны 234 023 адамга чейин көбөйгөн. БорборуПорт-Вила шаарында 44 040 адам жашаган[1].

Вануату калкынын болжол менен үчтөн экиси республиканын төрт негизги аралында жайгашкан: Эфате (борборуПорт-Вила шаары жайгашкан), Эспириту-Санто (өлкөнүн экинчи ири 3,167 адам жашаган шаары Люганвиль жайгашкан), Малекуле жана Тафеа[1]. Калктын көпчүлүгү океандын жээгинде же ага жакын жерлерде жашашат. Аралдардын ички аймактары калың бадалдар менен капталган жана ээн келет.

2009-жылдагы эл каттоонун маалыматтарына таянсак, эркектердин саны 119 090 (50,89%), аялдардын саны 114 933 (49,11%) болгон. Шаар калкынын үлүшү 2009 -жылга карата 57 207 (24,4%), айыл калкынын үлүшү 176 816 (75,6%) адамды түзгөн[27].

Айыл жергесиндеги экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектиги, кирешенин өтө төмөн деңгээли акыркы жылдары өлкөнүн негизги шаарлары -Порт-Вилага жана Люганвилге калктын агымынын көбөйүшүнө алып келди[28].

2009-жылы калктын орточо жылдык өсүү темпи 2,3% түзгөн. Вануатунун калкы 2029-жылга чейин 395 017 адамга чейин өсөт деп болжолдонууда[26].XX кылымда европалык баскынчылардын колониялык саясатынын, калып келген оорулардын, пандемиялардын кесепетинен Вануату калкынын саны 1 миллионго жакын адамдан 41 миңге адамга чейин кыскарып кеткен[29]. Айрым аралдар, мисалы, Анейтьюм жана Эроманга ошол мезгилдерде калкынын 95% ашыгын жоготушкан[29].

2009-жылы, 14 жашка чейинки балдардын саны 90 973 адамды (38,9%), 15 жаштан 60 жашка чейинки курактагы калктын саны 129 244 адамды (55,2%), 60 жаштан жогорку жаштагы адамдардын саны 13 806 адамды (5,9%) түзгөн[26].1999-жылы калктын орточо жашоо узактыгы - эркектер үчүн 65,6 жашты, аялдар үчүн 69 жашты түзгөн[27].

Этникалык курамы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Ни-вануату улутундагы бала.

Этникалык курамы боюнча, өлкөнүн калкынын 94% Вануатунун жергиликтүү ни-вануату эли түзөт. Элинин 4% европалыктар, 2% Океаниянын жана Азиянын башка элдери түзөт[6].

Вануатуда негизинен соодагерлерден турганкытай улутундагы адамдардын чакан коомчулугу, ошондой эле мурда жергиликтүү плантацияларда иштеген кара жумушчулардын урпактарынан турган вьетнамдыктардын жамааты бар[3].

Вьетнамдын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Тонкинден биринчи кара жумушчулардын тобу1920-жылы Жаңы Гебриддерге келишкен. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында аралдарда 2500гө жакын вьетнамдыктар жашаган, алардын ичинен1945-жылы 550 гана адам кайра мекенине кайтарышкан[3].

Салттуу намба атылыштагы кийимчен эркектер. 1992-жыл.

Вануатуда үч мамлекеттик тил бар:англис тили,француз тили жанабислама тили (англис тилинин негиздегикреол тили)[30].

Бисламаны эне тили катары санаган адамдардын саны 6200 адамды түзөт, алар негизинен борбору болгонПорт-Вилада жана Люганвиль шаарында жашашат. Бислама тилин өлкөнүн көпчүлүк тургундары жакшы түшүнүшөт. Ошондой эле бислама тилиЖаңы Каледонияда да кеңири колдонулат[30].

Расмий тилдерден тышкары дагы 109 жергиликтүү тилдер бар[31]. Бир тилде сүйлөгөндөрдүн орточо саны 2 миң адамды түзөт[31].

Эң кеңири таралган жергиликтүү тилдер — рага (7 миң), ленакел (6500 миң), паама (6 миң), урипив-вала-рано-атчин (6 миң), чыгыш амбаэ (5 миң), батыш амбаэ (4500), апма (4500) и түштүк эфате (3750)[31].

ХХ кылымда жергиликтүү тилдердин бир нечеси үчүн авоиули жазуусу иштелип чыккан.

Рим-католик чиркөөсү.
Жона Фрумдун жолдоочуларынын айылы.

Жаңы Гебриддерге биринчихристиан миссионерлери XX кылымда келишкен, бирок узак убакыт бою алардын иш-аракеттери натыйжасыз болуп, диний кызматкерлердин жашоосу өтө кооптуу болгон. Мисалы, Лондон миссионерлер коомунун белгилүү миссионери Жон Уильямсти Эроманга аралынын жергиликтүү тургундары өлтүрүп, жеп коюшкан[32].

ХХ кылымдын ортосунда гана христианчылык Жаңы ГебриддердинМеланезия калкынын арасында негизги динге айланган[3].

Христиан дининен тышкары,Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында Танна, Малекула жана Эспириту-Санто аралдарында жаралган карго агымы кеңири жайылган. Бул агымдын эң белгилүүлөрү - Джон Фрум кыймылы, Принц Филипп кыймылы.

Аралдарга христиан миссионерлери келгенге чейин, Жаңы Гебриддердеанимизмди колдонулунган, анын издери азыркы учурдагы диний ырым-жырымдардан да байкаса болот. Колониялык мезгилде дин жана билим бири-бири менен тыгыз байланышта болгон жана көпчүлүк жергиликтүү тилдердин жазуусу христиан миссионерлери тарабынан иштелип чыккан. Азыркы коомдо да дин абдан маанилүү ролду ойнойт, атүгүл улуттук урааны да диний мааниде: «Long God yumi stanap» (бислам тилинен которгондо «Биз Кудайдын артында турабыз»).

Экономикасы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Вануатунун экономикасы
Валютасы1Вату (VUV)
Бюджеттик жылКалендардык жыл
Соода уюмдары
Статистика
Дүйнөдөгү абалы182-чи (2005)
ИДӨ (СКП)$739 млн (2006)
ИДӨ өсүшү6,8 % (2005, бааланган)
Калктын жан башына ИДӨ (СКП)$2900 (2003)
Инфляция2,7 % (2007)
Жумушчу күч76 410 (1999)
Жумушсуздук1,7 % (1999)
Улуттук экономиканын негизги тармактарыайыл чарба,туризм
Соода өнөктөштөрү
Экспорт$40 млн (2006)
Негизги соода өнөктөштөрү (экспорт)Таиланд 59,7 %,Индия 16,7 %,Япония 11,4 %
Импорт$156 млн (2006)
Негизги соода өнөктөштөрү (импорт)Австралия 20,6 %,Япония 19,7 %,Сингапур 12,1 %,Жаңы Зеландия 8,8 %,Фижи 7,7 %,Кытай 7,4 %,Жаңы Каледония 4,3 %
Мамлекеттик каржы
Бюджеттин кирешеси$78,7 млн (2005)
Бюджеттин чыгымы$72,23 млн (2005)

Жалпы мүнөздөмө

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Порт-Виладагы базардын ичи.

Вануату - начар өнүккөн аралдагы агрардык мамлекет.2006-жылдагы баало боюнча Вануатунун ИДӨ 739 миллионАКШ долларын, ал эми2003-жылдагы баалоо боюнча ИДӨ жан башына 2900АКШ долларын түзгөн. Бул көрсөткүчтөр өлкөнү Тынч океан мамлекетеринин арасынан жакырчылык боюнча үчүнчү орунга койгон.1995-жылдан тартып Вануату РеспубликасыБУУ тарабынан дүйнөдөгү эң начар өнүккөн өлкөлөрдүн бири катары каралат. Республикадагы учурдагы сабаттуулук деңгээли 74%, ал эми жашоо узактыгы болгону 63 жашты түздү[22].

Эфатенин түндүк бөлүгүндөгү уйлар.

Вануату-агрардык өлкө.2002-жылы айыл чарба сектору өлкөнүнИДӨ 25% берген. Вануатунун улуттук экспортунун 75% дагы айыл чарба продукциялары, негизинен копра (35%), уй эти, какао, пальма майы жана жыгач. Акыркы убакта кава тамырынан алынган экстракт өлкөнүн экспортунда негизги орунду элөөдө. Айыл чарбага ылайык 1,2 миллион гектар жеринин 41% айдоого колдонулунат. Учурда натуралдык чарбада бардык айыл чарба продукциясынын 43% чейин өндүрүлөт жана Вануатудагы эмгекке жарамдуу калктын 80% айыл чарба тармагында эмгектенет[6].

Өлкөнүн жалпыИДӨ 12% жана улуттук экспорттун 22% берген мал чарбасында эт багытындагы бодо малды өстүрүү басымдуулук кылат[33].

Бодо малдын саны 140-150 миң деп бааланат. Ири мал чарбачылыктары Эфате жана Эспириту-Санто аралдарында жайгашкан.1992-жылы уй этинин көбүЖапонияга,Папуа-Жаңы Гвинеяга жанаСоломон аралдарына жанаФижиге экспорттолгон[33].

Акыркы он жылдыктарда Вануатунун айыл чарбасында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Копра жанакакао өндүрүлгөн плантация секторунун кирешеси төмөндөп, майда дыйкан чарбалар катуу жабыркады[28]. Азыркы учурда, ар кандай зыянкечтер жана жаратылыш кырсыктары айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет. Копранын экспортуна көз каранды болуу жана какао өндүрүшүнүн төмөндөшү Вануатунун экономикасына терс таасирин тийгизүүдө[28].

Порт-Виладагы базар.

Балык чарбасы ички рынокту жылына 80 тонна балык менен камсыз кылып, жээктеги айылдардын, шаарлардын экономикасына жыл сайын 25 миллион вату киреше алып келет[34]. Ошондой эле экспортто багытында трохус (жылына болжол менен 100 тонна) жана аз сандагы аквариум балыктары өстүрүлөт[35]. Мамлекеттик бюджетти толуктоо чет өлкөлүк кемелерге өзгөчө деңиздеги экономикалык аймактарда балык уулоо укугуна лицензия берүүнүн эсебинен да ишке ашырылат. Тон балыгын улоо 1950-жылдардын ортосунан бериЖапония,Тайвань жанаКорея тарабынан жүргүзүп келет[35].

Эл аралык жүк ташуучу кемелердин реестринде2001-жылга карата маалыматтарда Вануатунун желеги астында 524 кеме иш алып барабы, алардын 99 балык улоого ылайыкташкан кемелер экени белгиленген. Жалпысынан бул кемелер тарабынан жыл сайын 26 миң тонна балык кармалат. 1990-жылыТайвандык жанаКореялык кемелерде Вануатунун 400 акын жараны иштеген, бирок 1990-жылдардын аягында алардын саны 120 чейин кыскарып кеткен[35].

Бауэрфилд эл аралык аэропортундагы «Air Vanuatu» компаниясына таандык ATR-42 учагы.

1999-жылы Вануату жалпы жолдорунун узундугу 1070 чакырымды түзгөн, анын 256 чакырымы асфальтталган. Республикадатемир жол транспорту жок[22].

Улуттук «Air Vanuatu» компаниясы ички жана эл аралык аба каттамдарын төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырат:Окленд (жумасына эки рейс),Брисбен (жумасына үч рейс),Сидней (жумасына алты рейс),Нумеа жанаНади шаарлары[36]. «Air Caledonie», «Solomon Airlines», «Pacific Blue» жана «Air Pacific» авиакоманиялары Вануатуга рейстерди аткарып келет[37].

2007-жылы өлкөдө жалпысынан 31 аэропорт болгон, бирок алардын үчөөсүндө гана учуп-конуу тилкесине асфальтобетон төшөлгөн[22].

Көпчүлүк аралдардакоомдук транспорттор иштейт: номерлери «B» тамгасы менен белгиленген автобустар, номерлери «T» тамгасы менен белгиленген таксилер. Өлкөнүн эң ири порттору — Форари, Порт-Вила жана Люганвиль[36].

Порт-Вила шаарындагы почта бөлүмү.

Англис, француз, бислама тилдеринде жарык көргөн «Vanuatu Weekly», бир нече AM жана FM-радиолору, Порт-Вила шаарында көрсөткөн өлкөдөгү жалгыз телеканалы жана башка бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары Вануатунун өкмөтүнүн көзөмөлүндө. 1966-жылы негизделген мамлекеттик «Radio Vanuatu» да үч тилде уктурулат. Өлкөдө мамлекеттик медиадан тышкары, көз карандысыз «Trading Post» гезити жана ар кандай саясий партиялар чыгарган гезиттер жарык көрүп турат[38].

Вануатунун телеграф жана телекод аркылууГонконг,Париж,Нумеа (Жаңы Каледония) жанаСидней (Австралия) менен байланышы бар. 2005-жылы өлкөдө 7 000 үй телефону жана 12 700 уюлдук телефондо колдонуда болгон. 2004-жылы Вануатуда интернет менен 7 500 адам колдонгон. 2014-жылдан тартып суу астындагы кабель менен интернетке туташуу жүргүзүлгөн, резервдик байланыш каналы спутниктик байланыш[39].

Вануату Конституциясы сөз жана басма сөз эркиндигин кепилдейт, бирок иш жүзүндө оппозицияга таандык ММК лицензияларынан ажыратылып, жабылып калган учурлар да катталып турат[38].

Вануатудагы туристтик борборлордун бири — Порт Вила шаарынын жанындагы Меле булуңундагы Иририки аралы.

Туризм — экономикадагы тез өнүгүп жаткан багыты. 2000-жылы туризмден түшкөн киреше ВануатунунИДӨ 40% түзгөн, ал эми ушул эле жылы өнөр жай секторунунИДӨ үлүшү 10% ашкан эмес. Негизги туристтик жерлери - Эфате аралы жана ага жакын кичирээк аралдар жана Эспириту-Санто аралы[6].

Аралдардагы эң популярдуу эс алуу багыттары — сууга сүзүү, дайвинг, терең сууларда балык уулоо, курорттук дарылоону, үйлөнүү үлпөт тойлору менен таттуулашуу айларын өткөрү[28].

Өлкөгө негизиненАвстралия,Жаңы Зеландия жанаЖаңы Каледониялык туристтер келишет. Жылына болжол менен 50 миңге жакын адам Вануатуга круиздик саякат учурунда барышат.

Визасыз режим орнотулбаган өлкөлөрдүн жарандары үчүн визанын баасы 2500 ватуну түзөт. Визалык төлө өлкөгө келгенде накталай акча менен төлөнөт[40].

2017-жылы экспорттун көлөмү 207 миллионАКШ долларын, импорттун көлөмү 244 миллионАКШ долларын түзгөн[41].

Тышкы сооданын негизги багыттары:

  • Экспорт: бүкүл тоңдурулганбалык — 34% ($70,5 млн.),кемелер — 34% ($70 млн.), копра — 8% ($17,2 млн.),моллюскалар ($8,18 млн.), ошондой элекакао,жыгач,кокос майы ж. б. өсүмдүктөрдөн алынган азыктар.
  • Импорт:мунай зат ($38,8 млн), канаттуулардын эти ($6,83 млн), нан азыктары ($6,72 млн), байланыш жабдуулары ($6,13 млн) жана транспорт каражаттары ($5,4 млн).

Экспорт жаатындагы негизги соода өнөктөштөрү:Мавритания — 34%,Жапония — 32% жанаФилиппин — 9%. Импорт жаатындагы негизги өнөктөштөрүКытай — 27%,Австралия — 17%,Фижи — 13% жанаМалайзия — 9,4%.

Акча жана каржы системасы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Вануатунун Резервдик банкынын имараты

Вануату акча бирдиги —вату.1983-жылы жаңы-гебрид франккынын ордуна жүгүртүүгө киргизилген.1988-жылы киргизилген 1, 2, 5, 10, 20, 50, 100 номиналындагы 7 монета жана 100, 200, 500, 1000, 5000 номиналындагыбанкноттор жүгүртүүдө.

2001-жылдын бюджеттик чыгымдары 7885 миллион ватуну, кирешелери 6887 миллион ватуну түзгөн[42].

Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эң ири статьясы болуп турак-жайга, коммуналдык чарбага кеткен чыгымдар саналат[43]. Билим берүү системасынын чыгымдары 2001-жылы 1932 миллион ватуну түзгөн. Саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар 908 миллион вату. Кирешелердин ичинен салыктардан түшкөн каражаттар чечүүчү ролду ойнойт[42].

Өлкөнүн бюджетин толуктоонун маанилүү булактарынын бири, дүйнө жүзүндөгү филателисттердин кызыгуусун жараткан почта маркалары болуп саналат[42].

Вануатунун ички банк тутуму Вануатунун резервдик банкынын көзөмөлү алдында иш алып барган эки чет өлкөлүк жана эки жергиликтүү банктардан турат. Мындан тышкары Вануатуда дагы 7 чет өлкөлүк банктар катталган, бирок алар мамлекет аймагында азырынча иштебейт[44].

Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин Вануату «фискалдык оазиске» жана эл аралыкоффшордук борборго айланган. Бирок, бир катар өлкөлөрдөн мыйзамсыз алынган акчаларды адалдаштырууга байланыштуу, башка мамлекеттердин тынчсыздануусу күчөгөн. Ушул себептерден улам 2002-жылы Вануату Өкмөтү оффшордук секторго көзөмөлдү күчөткөн[44].

Маданияты

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Музыка жана бий

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Тамтам - Вануатунун ортосунда тешиги бар барабаны.

Ни-вануатунун турмушунда бири-бири менен тыгыз байланышта болгон салттуу музыка жана бий маанилүү орунду ээлейт. Эң популярдуу музыкалык аспап — тамтам барабаны[45].Флейта да кеңири таралган аспаптардын бири. Аралдарда европалыктардын келиши менен жергиликтүү тургундар чет элдик музыкалык аспатарды колдоно башташты. Ар бир азем, майрамдар музыка менен коштолот[46]. 1990-жылдары Вануатуда бир нече музыкалык топтор түзүлгөн, эң популярдуу музыкалык багыттар зук, реггетон. Аралдарда1996-жылдан бери жыл сайын алты күндүк «Fest’Napua» заманбап музыка фестивалы өткөрүлүп келет, агаОкеаниянын башка мамлекеттеринен бир катар ырчылар жана топтор катышышат[47].

Салттуу бийлери абдан ар түрдүү. Бийлердин кээ бирлеринде бийчилер ар кандай маскаларды, кийимдерди жана чач жасалгаларды колдонуп, ар кандай рухтардын жана мифологиялык жандыктардын ролун ойношот. Бийлерде аңчылык, өмүр жана өлүм менен байланышкан мазмундар чагылдырылыт[46].

Маданий мурас

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Вануатунун жашоочуларынын салтанаттуу маскасы.

Археология жагынан алып караганда,Жаңы Гебриддер начар изилденген, бирок бир катар аралдарда мегалитикалык структуралар сыяктуу баалуу археологиялык эстеликтер сакталып калган. Совет окумуштуусу А. Кондратовдун билдирүүсүнө караганда, аралдыктардын аймагында ыйык деп эсептелген долмендер жана менгирлер тургузулган жана уруу башчысы белгилүү бир күндөрү ушул ыйык деп эсептелген жерлерден ата-бабалардын рухтарынын үндөрүн уга алган жерлер деп саналган. Жалпысынан алганда, мындай курулуштард эркектердин ырым-жырымдары менен байланышкан, алар чындыгында эркектер менен аялдардын, ошондой эле ар кандай курактагы эркектердин ортосундагы социалдык мамилелерди түзүүдө жана сактоодо негизги ролду ойногон[48]. Вануату аралдары ар кандай ырым-жырымдарда колдонулган кумдагы оймо-чиймелери менен да белгилүү[49].

Бир катар аралдарда жыгачка, ташка, ал эми архипелагдын түндүк аралдарында кораллга оймо-чиймелерди түшүрү кеңири таралган[46].

Вануату улуттук маданий борборунун имараты.

Пентекост аралы-нагхол (бисл.naghol) деп аталган жергиликтүү ырым-жырымдардан келип чыккан бийдин мекени. Жыл сайын апрель менен июнь айларынын ортосунда аралдын эркектери жыгачтан жасалган бийик мунаралардан, буттарына жүзүм сабагын байлап алып секиришет. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул ырым-жырым ямстын жакшы түшүмдүүлүгүнө кепилдик берет. Акыркы жылдары бул аралдыктар үчүн жакшы киреше булагына айлаган, туристтер бул ырым-жырымдарды көрүү үчүн көп суммадагы акча төлөшөт[50].

Танна аралында үч-төрт жылда бир белгилөөнүчү үч күндүк «Nekowiar» фестивалы өтүп турат. Мурда бул майрам учурунда согушуп жаткан уруулардын ортосунда согуш токтогон жана согушка тыюу салынган. Бул майрам учурунда тургундар бири-бирине белектерди беришет, бийлешет, жүздөрүн ар кандай маскалар жана боёктор менен кооздошот[51], Piper methysticum өсүмдүгүнүн тамырынан жасалган «кава» салттуу мас кылуучу ичимдикти ичишет.  Майрамдын экинчи күнү тока (бисл.toka) бийин бийлеп, андан кийиндоңузду курмандыка чалышып бири-бири менен белек алмашышкан[51].

Вануатунун Океания футбол конфедерациясынын жана ФИФА мүчөсү болгон улуттук футбол курама командасы бар.1951-жылы4-октябрда Вануату Республикасынын футбол боюнча курама командасы катышкан биринчи эл аралык беттеш болуп, анда ВануатуЖаңы Зеландия курама командасынан 0:9 эсебинде утулуп калган[52]. Вануату курама командасыКирибати Республикасынын курама командасы менен 2003-жылы 7-июлда Фижиде өткөн Түштүк Тынч океан оюндарында беттешип, 18:0 эсебинде жеңип алган[52]. 1973, 2000 жана 2002-жылдары өлкө Океания футбол конфедерациясынын улуттар Кубогунда төртүнчү орунду ээлеген. Ички футбол чемпионатында Тафеа клубу 15 жолку чемпиону.

Аралдардарегби, крикет оюндары абдан популярдуу. 1966-жылдын 1-декабрынан тартып бери эл аралык беттештерге катышsg келе жаткан өлкөнүн өзүнүн регби боюнча улуттук командасы бар. Регби боюнча Вануатунун курама командасы, тарыхында эң чоң утулушка 2005-жылдын 5-августунда Папуа-Жаңы Гвинеядан дуушар болгон[53]. Аралдардагы биринчи крикет клубу 1945-жылы негизделген жана 1978-жылы Жаңы Гебриддердин крикет ассоциациясы түзүлгөн (эгемендүүлүк алгандан кийин Вануату крикет Ассоциациясы деп аталып калган)[54].

Жайкы Олимпиада оюндарына өлкө 1988-жылдан бери катышып келет. Өлкөнүн улуттук олимпиада комитети 1987-жылы түзүлгөн. Олимпиадалык оюндарда Вануату Республикасы бир дагы медаль алган эмес жана олимпиадалык курама командасы негизиненжеңил атлетика багыттанда машыккан спортчулардан турат. Кышкы Олимпиада оюндарына өлкө бир да жолу катышкан эмес[55].

Вануатунун улуттук тамагы лап-лап.

Вануатунун ашканасындабалык, таро жана ямс сыяктуу өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер жана жашылчалар колдонулат. Аралдардын тургундарынын көпчүлүк бөлүгү өздөрүнүн бакчаларында тамак-ашка колдонуулучу жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Эл арасында азык-түлүк тартыштыгы сейрек кездешет. Жыл боюпапайя,ананас,манго,банан жана таттуу картошканын түшүмү мол болот.Кокостон жасалган туздуктар көптөгөн тамактардын даамын чыгаруу үчүн колдонулат. Тамак-аштын көп түрү ысык таштарда, кайнатылып жее бууда бышырылат. Курулган тамак-аштын түрлөрү дээрлик колдонулбайт[56].

Вануатунун улуттук тамагы лап-лап деп аталат[57].

Дата[58]Аталышы[58]Англисче аталышы[58]
1-январьЖаңы жылNew Year’s Day
21-февральЛининин атанын күнүFather Lini Day
5-мартУруу башчылар күнүCustom Chief Day
Пасха чейинки жумаУлуу жумаGood Friday
Пасхадан кийинки к

н

Жаркын дүйшөмбүEaster Monday
1-майЭмгек күнүLabour Day
датасы

кошумча аныкталат

Пайгамбардын көтөрүлүүсүAscension Day
24-июльБалдар күнүChildren’s Day
30-июльЭгемендүүлүк күнүIndependence Day
15-августПайгамбардын энесинин көтөрүлүүсүAssumption Day
5-октябрьКонституция күнүConstitution Day
29-ноябрьБиримдик күнүNational Unity Day
25-декабрьРождествоChristmas Day
26-декабрьЖалпы улуттук үй-бүлө күнүFamily Day Nation Wide

Социалдык тармагы

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Саламаттыкты сактоо

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Өлкөдө саламаттык сактоо системасында олуттуу көйгөйлөр бар.2000-жылга карата ВануатудаАИЖВ (ВИЧ) жеКИЖС (СПИД) ооруларына чалдыккандар катталган эмес.Ич өткөк, курч респиратордук,гепатит В сыяктуу оорулар кеңири жайылган[28].

Борбор шаарындакант диабети менен ооругандардын саныбезгек менен ооругандардын санынан бир кыйла эле көп. Ошол эле учурдатери оорулары,кургак учук,тропикалык ысытма,элефантиаз кеңири жайылган[28].

Безгек менен күрөшүү боюнча активдүү чаралар көрүлгөнүнө карабастан, бул оору саламаттыкты сактоодогу негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. 1999 жана 2000-жылдары Вануатуда безгек оорусунан бир дагы өлүм катталган эмес.

Өлкөдөгү саламаттыкты сактоо сектору Саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлдөгөн 94 ооруканалардан, клиникалардан жана ден-соолукту чыңдоо борборлорунан турат.Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да Вануатуга олуттуу жардам көрсөтүп келүүдө[28].

Эфате аралындагы Этон айылынын мектеби.

Вануатунун улуттук билим берүү системасынын өнүгүшүнө бир нече факторлор тоскоол болууда: аралдарда жергиликтүү тилдердин ар түрдүүлүгү; колониялык мезгилден калган эки тилдүү билим берүү системасы. Вануатуда билим берүүнүн сапаты өтө төмөн. Өлкөдө болгону 101 башталгыч мектептер бар, алардын көп бөлүгү жетүүгө кыйын аймактарда орун алышкан.2002-жылы башталгыч класстарынын окуучуларынын жалпы саны 37 470, орто мектептердин окуучуларынын саны 9 610 болгон[59]. Вануатунун көптөгөн алыскы аймактарында жайгашкан мектептерде профессордук-окутуучулук курамдын жана тиешелүү шаймандардын, эмеректердин жетишсиздиги байкалат. Орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда окутуунун деңгээли салыштырмалуу төмөн[6].

Өлкөдө башталгыч билим берүү акысыз болгонуна карабастан, аз кирешелүү үй-бүлөлөр, балдарын окуутуда транспортко жана окууга түздөн-түз байланыштуу башка кызматтарга көп каражат коротууга аргасыз.1989-жылы 12 жаштан 15 жашка чейин балдардын 72%, 16 жаштан 17 жашка чейинкилердин 80% жакшы жумушка орношууда маанилүү роль ойногон квалификацияны албастан мектептеги окууну таштаган, алар жумушсуздардын катарын толуктаган.

Булактар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
  1. 123Вануатунун калкы (англ.)
  2. Gospel and Culture in Vanuatu – An Experiment in Pacific Theology
  3. 12345Tufala Gavman (Bresnihan, Brian J. and Keith Woodward). Reminisces from the Anglo-French Condominium of the New Hebrides. — Suva, Fiji: Institute of Pacific Studies, University of the South Pacific, 2002. — С. 17. — ISBN 982-02-0342-2. (англ.)
  4. Benjamin Morrell.A Narrative of Four Voyages to the South Sea, North and South Pacific Ocean. — J. & J. Harper, 1832. — б. 375. (англ.)
  5. ДНК рассказывает, как человек расселялся по островам Тихого океана (орусча)
  6. 12345U.S. Relations With Vanuatu(АКШнын Вануату менен мамилеси)
  7. 12Вануатунун биологиялык ар түрдүүлүгү.Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2011.Түп булактан архивделген күнү 10 -сентябрь (аяк оона) 2011.
  8. Andrew Hoffmann. Looking to Epi: further consequences of the Kuwae eruption, Central Vanuatu, AD 1452 // Indo-Pacific Prehistory Association Bulletin : Сб. — Vanuatu Cultural and Historic Sites Survey (VCHSS), World Heritage Preparatory Assistance Project, Vanuatu Cultural Centre, PO Box 184, Port Vila, 2006. — № 26. — б. 65
  9. 12Jeremy MacClancy. Beginnings // To kill a bird with two stones: a short history of Vanuatu. — Port Vila: Vanuatu Cultural Centre, 1980.
  10. 12Вануатунун жанар тоолору
  11. 12Вануатунун географисы (англ.)
  12. 1234Soils of the New Hebrides islands(Жаңы Гебрид аралдарынын жер кыртышы)
  13. Вануатунун дарыялары
  14. Jeremy MacClancy. Beginnings // To kill a bird with two stones: a short history of Vanuatu. — Port Vila: Vanuatu Cultural Centre, 1980.
  15. World Wildlife Fund.Вануатунун жаанчыл токойлору
  16. UNEP.Vanuatu
  17. 123Вануатунун флорасы жана фаунасы
  18. 12Улуттук Бүтүндүк Системалары. Вануату боюнча эл аралык ачыктыкты изилдөө отчету (англ.)
  19. 1234567Вануатунун Конституциясы (англ.)
  20. 12Вануатунун сот тутуму (англ.)
  21. 123Вануатунун провинциялары (англ.)
  22. 12345The World Factbook.Вануату (англ.)
  23. Вануатудагы кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү (англ.)
  24. Tufala Gavman (ред. Bresnihan, Brian J. and Keith Woodward). Reminisces from the Anglo-French Condominium of the New Hebrides. — Suva, Fiji: Institute of Pacific Studies, University of the South Pacific, 2002. — С. 26. — ISBN 982-02-0342-2
  25. Эл каттоо жана сурамжылоо боюнча статистика (англ.)
  26. 123Вануатунун Статистикалык Бюросу.Демографиялык маалыматтар (англ.)
  27. 12Эл каттоо жана турай жайлар боюнча улуттук маалыматтар (англ.)
  28. 1234567БУУ.Өлкөнүн жалпы көрсөткүчтөрүн баалоо. Вануату (англ.)
  29. 12Вануатунун жалпы көрүнүшү (англ.)
  30. 12Ethnologue. Bislama (англ.)
  31. 123Ethnologue. Вануатунун тилдери
  32. Вануатунун тарыхы.Диний миссионерлер
  33. 12Вануатунун айыл чарбасы, тоют ресурстары.Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2011.Түп булактан архивделген күнү 8 -сентябрь (аяк оона) 2010.
  34. Айыл чарбасына жана балык чарбасына сереп
  35. 123Наурунун балык чарбасы жана аквакультурасы жөнүндө маалымат.Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2011.Түп булактан архивделген күнү 26 -март (жалган куран) 2009.
  36. 12Вануатудагы жолдор жана транспорт.Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2011.Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2011.
  37. Jason.Вануатудагы транспорт
  38. 12Encyclopedia of the Nations.Вануатунун маалымат каражаттары
  39. Steve Noorderbroek.Caching at the VIX
  40. Вануатунун визасын алуу жөнүндө маалымат
  41. Вануатунун тышкы соодасы (орусча)
  42. 123Vanuatu Statistics Office.Өкмөттүн финансылык статистикасы
  43. Vanuatu Statistics Office.Борбордук Өкмөт
  44. 12Reserve Bank Of Vanuatu.Ванутунун банктары
  45. Further Arts.Вануатунун маданияты.
  46. 123Vanuatu Tourism Office.Маданият
  47. Vanuatu Tourism Office.Fest’Napuan фестивалы
  48. Mark Patton.Islands in Time: Island Sociogeography and Mediterranean Prehistory. — Routledge, 1996. 135. — 213 б. —ISBN 0415126592
  49. Vanuatu Cultural Centre.Кумдагы оймо-чиймелерди сактоо боюнча Улуттук иш-аракеттер планы
  50. Vanuatu Paradise.Пентекост жана Маэво аралдары
  51. 12Jasons.Вануатудагы маданий көргөзмөлөрArchived 2024-05-27 at theWayback Machine
  52. 12Vanuatu Football.Дүйнөлүк футбол Эло рейтинги: Вануату
  53. Vanuatu Regby.Эркектердин эл аралык регби союзунун статистикасы: Вануату
  54. Cricket Europe.Вануатудагы крикет.
  55. IOC.Вануату.
  56. Вануатудагы тынчтык корпусу
  57. Вануатунун улуттук тамагынын сырлары. Лап-лап
  58. 123Вануатунун майрамдары
  59. Окуучулардын билим деңгээли жана жынысы боюнча статистика.Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2011.Түп булактан архивделген күнү 29 -август (баш оона) 2019.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү |булагын түзөтүү]


 Бул калыпты көрүү Океания өлкөлөрү
Эгемендүү мамлекеттерАвстралия Вануату Жаңы Зеландия Кирибати Маршалл аралдары Микронезия Федеративдик Штаттары Науру Палау Папуа-Жаңы Гвинея Самоа Соломон аралдары Тонга Тувалу Фижи
Ассоциацияланган
мамлекеттер
Кук аралдары Ниуэ аралы
Көз каранды аймактарАКШ тышкы кичи аралдары Америка Самоасы Гавайи Гуам Жаңы Каледония Исла-де-Паскуа Норфолк аралы Питкэрн аралдары Токелау Түндүк Мариана аралдары Уоллис жана Футуна Француз Полинезиясы
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Вануату&oldid=551897" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp