Башкыртстан Республикасы (башк.Башҡортостан Республикаһы) жеБашкыртстан, Башкырстан, Башкуртстан (башк.Башҡортостан) — Орусия Федерациясы жана Башкыртстан Республикасы Конституцияларына жараштуу, укуктуу демократиялык мамлекет. Орусия Федерациясынын субъекти. Эдил бою федералдык округуна жана Орол экономикалык районуна карайт. Пермь крайы, Свердловск, Челябинск, Орунбор облустары, Татарстан жана Удмуртия менен чектеш.
Аянты 143,6 миң км2. Калкы 4,1 млн (2005); негизиненбашкырлар,орус,татар ж.б. улут өкүлдөрү жашайт.
Администрациялык аймак жактан 54 районго, 21 шаарга, 40 шаарчага бөлүнөт. БорборуҮпү шаары. Шаар калкы 64,8%. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - Мамлекеттик чогулуш (Өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу палаталарынан турат).
Башкыртстан.
Республиканын мамлекет башчысы - президент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт (Министрлер Кеңеши) ишке ашырат. Чыгыш Европа түздүгүнүн четки чыгыш бөлүгүндө, Урал өндүрүндө жана Түштүк Оролдун капталында (бийиктиги 1640 м ге чейин; Жаман-Тоо чокусу) жайгашкан. Чыгышында Оролдун түштүк кырка тоолору (бийиктиги 1000-1500 м), түн.чыгышында Үпү бөксө тоосу (бийиктиги 500 м), түштүк-батышында Бүгүлмө-Белебей дөңсөөсү (бийиктиги 450 м), түштүгүндө жалпы сырт тармактары жатат. Жаратылыш газы, көмүр, туз, чыгышында темир кени, жез, цинк, алтын казылып алынат. Климаты - континенттик. Январдын орточо температурасы -14-17°С ге чейин, июлдуку 16-20°С, жылдык жаан-чачыны 300-600 мм.
Ири дарыялары: Ак-Эдил, Кара-Эдил. Чымдак - күл жана боз токой топурактуу. Аймагынын 40%ын токой ээлейт. Түндүгүнө аралаш, ийне жалбырактуу тоо токой, токойлуу талаа мүнөздүү, талаа зонасынын көп бөлүгү айдалган. Башкыр коругу уюшулган. Башкырстандын аймагында байыркы адамдар палеолитте эле отурукташкан. Б. з. 4-кылымынан Батыш Башкырттанга түштүктөгү аймактардан көчмөн уруулар келе баштаган. 9-10-кылымдагы араб жазма булактарында башкырлар «башгирд» («башгурт) деген ат менен аталган. 9-10-кылымда башкырлар Орол тоосунун этектерин, Эдил жана Жайык дарыясынын өрөөндөрүн мекендешкен. 10-13-кылымда Башкырстан Эдил-Камалык Болгария мамлекетине баш ийген. Башкыртар алгач бутпарастар болсо, 10-кылымдан тартып Волга-Камалык Болгариядан Батыш Башкырстангаислам дини таркай баштайт.
1229-ж. Башкырстангамоңголдор басып кирип, 1236-ж. толук каратылган. Башкырстан Батыйдын агасы Шейбанинин улусуна кирген. 15-кылымдын 2-жарымында Алтын Ордо мамлекети бир нече хандыктарга бөлүнүп кеткен соң түштүк жана түштүк-чыгыш Башкырстан Ногой Ордосунун курамына, батышы Казан, түндүк-чыгышы Шибер хандыктарынын курамына кирген. Орус аскерлери Казанды ээлеп, Казан хандыгы жоюлгандан (1552) кийин, падыша Иван IV Грозный хандыктын карамагындагы элдерди орус букаралыгына өтүүгө жана Орус мамлекетине салык төлөөгө чакырган.
1557-ж. Башкырстандын көпчүлүк бөлүгү Орусиянын курамына кирип, калгандары 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында кошулушкан. 16-кылымда башкыр элинин калыптануусу аяктаган. 17-кылымдын 2-жарымы 18-кылымдын ортосундагы башкырлардын бир нече жолку (1662-64, 1681-83, 1704-11, 1735-40, 1755 ж. б.) көтөрүлүштөрү падышалык өкмөт тарабынан аёосуз басылган. Бул окуялар тарыхка 17-18-кылымдагы башкыр көтөрүлүштөрү деген ат менен кирген.
1744-жылдан БашкырстанОрунбор губерниясынын (Үпү жана Исет провинциялары) карамагына кирген. 1865-ж. өз алдынча Үпү губерниясы түзүлгөн.Орусия империясы тарабынан жүргүзүлгөн орусташтыруу саясаты 19-кылымдын башталышында кайрадан элдик толкундоолорго алып келген.
1917-ж. 26-октябрда (8-ноябрь) Үпүдө Кеңеш бийлиги орнотулган.
1919-ж. 20-мартта борбору Үчтүрлүтамак шаары болгон РСФСРдин курамындагы алгачкы автономиялуу республика болуп, 1922-ж. 14-июнда борбору Үпү шаары болгон Чоң Башкыртстан Республикасы түзүлгөн.
1925-ж. Башкыр АКСРинин алгачкы Конституциясы, 1937-ж. жаңы Конституциясы кабыл алынган.
1937-90-ж. аралыгында Башкыртстандын социалдык-экономикалык, саясий өнүгүүсүндө бир топ өзгөрүүлөр болгон. Завод-фабрикалардын саны өсүп, республика өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлдү.
1990-ж. Башкыртстандын статусун союздук республикаларга теңөө үчүн күрөш башталып, Башкирия АССРи Башкырстан болуп кайра түзүлдү. 1990-ж. октябрда Башкырт ССРинин мамлекеттик суверенитети тууралуу Декларациясы кабыл алынды. 1992-жылдын февралынан Башкыр Республикасы деп аталууда. Өнөр жайынын негизги тармагы:мунай казып алуу,мунай ажыратуу, нефть-химия. Ошондой эле машина куруу (мунай өнөр жайы үчүн аппаратура, химиялык өнөр жайы үчүн жабдуу, станок, мотор, электр-техника), металл иштетүү, кара металлургия, курулуш материалдар өндүрүшү, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт. Негизги өнөр жай борборлору: Үпү, Үчтүрлүтамак, Салават, Ишимбай. Айыл чарбасы дан эгин жана мал чарба продуктуларын чыгарууга адистешкен. Дан эгиндери (буудай, карабуудай, сулу, арпа), техникалык өсүмдүктөр (канткызылча, күнкарама), картөшкө жана жашылча айдалат. Багбанчылык өнүккөн. Мал чарбасы сүт-эт (уй, чочко), эт-жүн (кой) багытында. Үй куштары багылат. Аары чарбасы бар. Туймазы Уфа, Ишимбай Уфа, Ишимбай Орск ж. б. мунай жана газ куурлары курулган. Ак-Эдил жана Кара-Эдил дарыясында кеме жүрөт. Курорттору: Аксаково, Жангантоо, Алкино, Шафранов, Юматов, Яктыкөл ж. б. Илимий изилдөө институттары, университет ж. б. окуу жайлары бар. Опера жана балет (1938), драма театрлары, музыкалык окуу жайлары, филармония, консерватория, музей иштейт.
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл.ISBN 978 9967-14-055-4