Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Басра

Википедия — ачык энциклопедия
Басра.

Басра, Бассора —Ирак Республикасынын түштүк-чыгышындагы шаар. Калкы 2,02 млн (2005). Шатт-эль-Араб дарыясындагы ири порт. Темиржол жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.Нефть казып алуунун жана ажыратуунун борбору. Химия, текстиль өнөр жайы, университет иштейт. Басраны 637-38-ж. халиф Омар негиздеген. 8-9-кылымдаАраб халифатынын маданий жана экономикалык борбору болгон. 1258-ж. монголдор тарабынан талкаланган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Ирактын карамагына өткөн. Эски Басранын урандылары сакталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл.ISBN 978 9967-14-055-4
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Басра&oldid=575021" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2026 Movatter.jp