Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Байыркы Рим

Википедия — ачык энциклопедия
Байыркы Рим.

Байыркы Рим - ЭңБайыркы Дүйнөнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Өзүнүн аталышын башкы шаардан алган. Бул аталыш өз учурунда шаардын негиздөөчүсү -Ромулдун атынан коюлган.

Римдин борборуКапитолий, Палатин жана Квиринал менен чектешкен саздак түздүктө орношулган. Байыркы Римдинцивилизациясынын түптөлүшүнөэтруск жана байыркы гректердин маданияты чон таасирин тийгизген. Башкаруунун эң жогорку деңгээлине Байыркы Рим б.з.ч. II кылымда жетишкен. Бул убакта алардын башкаруусу астында түндүгүнөн азыркыШотландия, түштүгүнөнЭфиопия, жана чыгышынанАрмения, батышынанПортугалияга чейинки мейкиндикти башкарып турган.

Азыркы дүйнөгө Байыркы Рим римдик башкарууну, кээ бирархитектуралык формаларды жана түзүлүштөрдү (мисалы арка, купол), ошондой эле көптөгөн жаңылыктарды (мисалы суу тегирмендер) калтырып кеткен. Дин катарыХристианство да Рим империясынын террирториясында жаралган. Байыркы Рим өлкөсүнүн расмий тили болуплатын тили эсептелген. Расмий эмесгерби болуп алтын бүркүт (лат.aquila) эсептелген.

Байыркы Римдин кулашы

Республиканын аймагынын чоңоюшу мамлекетти чыңдоону талап кылган.Сенаторлор мамлекетти ойдогудай башкара алышкан эмес. Ушундай кырдаалдаГай Юлий Цезарь адегенде аскер трибуну, кийинконсул болуп шайланган. Цезарь аскерлеринин акысын көбөйтүп, жер бөлүп берүүнү убада кылат. Жалданма аскерлер анын аскердик талантын баалашып, анын айтканын аткарууга даяр турушкан. Юлий Цезарь өзүнүн аскерлерине таянып, өлкөдөгү бүткүл бийликти колуна алат. Ал Байыркы Римдинимператору жанадиктатору болуп, чексиз бийликке ээ болгон. Императорго урмат көрсөтүшүп,монеталарга анын сүрөтүн чегишкен. Анынскульптурасы кудайлардын скульптурасы менен катар коюлган.

Сырткы шилтемелер

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Байыркы_Рим&oldid=433084" булагынан алынды
Категориялар:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp