Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Астероид

Википедия — ачык энциклопедия
4 Веста астероидтин, кодоо планета Церера жанаАйдын салыштырмасы. (20 км/пиксель).

Астероид - диаметри 1–1000 км чейин келген кичине планета,Күндүн тегерегинде эллипсорбитасы боюнча айланган космостук телолор.

Өлчөмү 1 кмден кичине өтө майда кичинепланеталарды ирителескоптун жардамы менен сүрөткө тартууга болот. 1801-ж. 1-январда Пиацци биринчи жолу Астероидди ачкан. Өтө чоң астероид –Церера кичине планетасы. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин ачылган кичине планетанын катарына диаметри 608 км болгонПаллада кирет. Орбиталарынын эксцентриситети 0,3төн кичине болгон кичине планеталар 97%ти түзөт. Азыркы убакта 2000ден ашык кичине планеталардынорбиталары так эсептелген.

Астероиддердин жандоочулары

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Астероиддердин жандоочулары – астероиддердин айланасында айлануучу табигый же жасалма телолор. Ири планеталардын табигый жандоочулары сыяктуу кичи планеталардын, башкача айтканда астероиддердин да табигый жандоочулары аныкталган. 1978–1980-жылдарда кытай, япон жана америкалык астрономдор Метида кичине планетасынын табигый жандоочуларын байкашкан. Кийинки кезде көп сандаган кичине планеталардын табигый жандоочулары бар экени ачылган.

Кичине асман телолорунун массаларынын салыштырмасы.

Астероиддер тобу

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Астероиддер тобу – астероиддердин ичинен орбиталары бири бирине окшош кичине планеталар. Мындай топтогу астероиддергректер жанатроялыктар деп аталат. Гректерге 10, троялыктарга 5 астероид кирет, бардыгы 15. Алардын 10 астероиди (“гректер”) узундук бонча 60° алдыда, 5 астероиди (“троялыктар”) артта. Булардын кыймылы Күндүн айланасындагыЮпитердин орбитасына дал келет.Күн,Юпитер жана астероид т. 2 тең капталдуу үч бурчтукту пайда кылат.

Астериод кратерлери

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Астериод кратерлери – астероиддердеги чөйчөк же оюлган жер сымал чуңкурлар. Жер,Меркурий жана башка планеталар сыяктуу кээ бир кичи планеталардын (астероидтердин) беттеринен да кратерлер табылган. Д. Голт өзүнүн жардамчылары менен бирдикте Церера астероидинин бетинен астероид кратерин байкаган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Астероид&oldid=555631" булагынан алынды
Категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp