Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Аргон

Википедия — ачык энциклопедия

Аргон (лат Argon-аракеттенишпеген, реакцияга кирбеген),Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 3-мезгилинин VIII А группа орун алган хим. элемент. Асыл газдарга кирет, к.н. 18, ат. м. 39,948. Кадимки шартта А. бир атомдуу, хим. жактан инерттүү, түссүз, жытсыз газ. А. 1894-ж. Д.Рэлей жана У.Рамзай аба курамынан, абаны терең муздатуу менен бөлүп алышкан. А. инерттүү газдар ичинен эң көп таралганы – атмосферада көлөмү б-ча 0,93 % түзөт. Туруктуу 3 изотобу бар:36Ar (0,337 %),38Ar (0,063 %) жана40Ar (99,600 %). Иондошуу энергиясы: Ar0 Ar + Ar 2+ 1520,57 жана 2665,83 кДж/моль. Ван-дер-Ваальс радиусу 1,92, коваленттик радиусу 0,95. Кайноо темп-расы -185,290К (-87,1°С), тыгызд. - 0,01786 г/см3. Орг. эритмелерде сууга караганда жакшы эрийт. Кристаллдык торчосу кубдук сингонияга туура келет: a=5,42, J= 4. Дүйнөдө жылына 5-109 м3 көбүрөөк А. алынат. Аргон болоттон жасалган көлөмү 40л болгон атайын баллондо ташылат жана сакталат. А. металлургияда, металлды иштетүүдө, жарым өткөргүчтөн жасалган аспаптар даярдоодо, хим. синтезде, люминесценттик лампаларда, ядролук техникада жана башка кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар

123456789101112131415161718
1H He
2LiBe BCNOFNe
3NaMg AlSiPSClAr
4KCa ScTiVCrMnFeCoNiCuZnGaGeAsSeBrKr
5RbSr YZrNbMoTcRuRhPdAgCdInSnSbTeIXe
6CsBaLaCePrNdPmSmEuGdTbDyHoErTmYbLuHfTaWReOsIrPtAuHgTlPbBiPoAtRn
7FrRaAcThPaUNpPuAmCmBkCfEsFmMdNoLrRfDbSgBhHsMtDsRgCnNhFlMcLvTsOg
Щелочтук металлдар Щелочтук жер металлдар ЛантаноиддерАктиноиддерӨтмө металлдарБашкаметаллдарМеталлоиддерБашкаметалл эместерГалогендерИнерттүү газдар
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Аргон&oldid=494770" булагынан алынды
Категориялар:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp