Америка - Батыш жарым шардагы дүйнө бөлүгү. ЧыгышынанАтлантика, батышынанТынч, түндүгүнөнТүндүк Муз, түштүгүнөнТүштүк океандары менен чулганат. Эки материктен (Түндүк Америка жанаТүштүк Америка) турат. Экөөнүн ортосундагы чек Дарьен (айрым учурлардаПанама) мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Түндүк Американын түштүгүнБорбордук Америка,Вест-Индия жанаЛатын Америкасына бөлөт. Американын курамына, ошондой эле дүйнөдөгү эң зорГренландия аралы жана материктерге жакын жайгашкан аралдар кирет. Жалпы аянты 42,5 млн км2. Түндүк жана Түштүк Америка бири-биринен обочо, башка дүйнө бөлүктөрүнөн алыс жайгашкандыгына, аянтынын кыйла зордугуна, геологиялык түзүлүшү жана рельефи бирдей болсо да табиятынын кескин айырмачылыгына карата эки материкке ажыратылган. 10-11-кылымда Американын түндүк-чыгыш жээгине европалыктардан биринчи жеткен нормандар болгон. 1492-1503-ж.Х. Колумб тарабынан ачылган Антил аралы жана кургактыктын жээгинин бир бөлүгү - Индия деп жаңылыш кабыл алынган. Флоренциялык Америго Веспуччи жаңы ачылган жерлерди - Жаңы Дүйнө деп атаган. 1907-ж. лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер өзүнүн «Космографияга кириш сөзүндө» Батыш жарымшардагы жаңы ачылган жер дүйнөнүн жаңы бөлүгү деп болжолдоп биринчи айткан флоренциялыкАмериго Веспуччинин ысымынан атаган.