Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Мазмунга өтүү
Википедия
Издөө

Акируно

35°43′44″ с. ш. 139°17′39″ в. д.HGЯO
Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Акируно
Акируно шаарынын мэриясынын имараты
ЖелекГерб
ЖелекГерб
ПрефектураТокиоТокио
Координаттар35°43′44″ с. ш. 139°17′39″ в. д.HGЯO
МэрТосикадзу Саваи
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1995-жыл 1-сентябрь
Аянты73,47 км²
Климатынын түрүнымдуу субтропикалык
Убакыт аралыгыUTC+09:00
Калкы
Расмий тилижапон тили
Калкы80 177 адам
Жыштыгы1091 адам/км²
АгломерацияТокио
Улуттук курамыжапондор
Этнохоронимaкирунолук, акирунолуктар
Сандык идентификаторлор
Почта индекси197-0814
Расмий сайтышилтеме

Акируно (あきる野市,Акируно-си)Жапониянын Токио префектурасында жайгашкан шаар.

Шаардын аянты — 73,47 км²[1], калкынын саны — 80 177 (1-апрель, 2021)[2][1].

Тарых

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Азыркы Акирунонун аймагы байыркы Мусаси провинциясынын бир бөлүгү болгон[3]. 1878-жылдын 22-июлунда аймактык реформадан кийин Канагава префектурасындагы Нишитама районунун бир бөлүгү болуп калган. Нишитама району 1893-жылдын 1-апрелинде Токионун административдик көзөмөлүнө өткөн[3]. Акигава жана Ицукаити шаарлары бириктирилип Акируно шаары түзүлгөн, ал эми 1995-жылы 1-сентябрында Акируно расмий шаар макамын алган[4].

География

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
Хирай дарыясы
Мицугай үңкүрү

Акируно шаарыТокионун борборунан болжол менен 40-50 км алыстыкта, Окутама тоолорунун этегинде жайгашкан. Шаардын аймагы аркылуу Ока жана Хирай дарыялары агып өтөт. Шаар чыгыштан батышка карай болжол менен 18 км, түндүктөн түштүккө карай 12,7 км аймакты ээлейт. Фусса, Хамура, Оме, Хатиодзи шаарлары, Хиноде, Окутама жана Хинохара айылдары менен чектешет[5].

Шаар ден соолукка өзгөчө пайдалуу булактары бар Сеото-но-йо курорту менен белгилүү[5].

Ошондой эле Акирунодо ачык асман алдында тамак жасоочу жайлар, велосипед тебүү жана жөө сейилдөө үчүн жолчолор уюштурулгандыгына байланыштуу Жапониянын борбору болгон Токио шаарынан көп сандагы эс алычуулар келип турушат[5].

Климат

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Акирунодо нымдуу субтропикалык климат басымдуурак кылып, жайы жылуу жана кышы салкын, карсыз келет. Акирунодогу абанын жылдык орточо температура 13,2 °C[6]. Орточо жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1998 мм. Жылдын сентябрь айы эң жаан-чачындуу ай болуп саналат. Эң жогорку (24,6°C) абанын температурасы август айында, ал эми эң төмөнкү (1,9°C) абанын температурасы январь айында катталган[6]. Кыш айларында шаардын тоого жакын аймактарында кар дээрлик күн сайын жаайт.

Калк

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Жапониянын эл каттоо боюнча сатистикалык маалыматтарына ылайык Акирунонун калкынын саны узак убакыттан бери өсүп келе жатат[2].

Калкынын саны
ЖылСаны±%
192019 363
193021 127+9,1%
194021 827+3,3%
195028 162+29,0%
196029 296+4,0%
197045 187+54,2%
198062 810+39,0%
199071 940+14,5%
200078 351+8,9%
201080 868+3,2%
202079 262-2,0%
Булактар:[2]

Шаардын символдору

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
  • Жапон жылкычы чымчыгы
    Жапон жылкычы чымчыгы
  • Хризантема
    Хризантема
  • Жыттуу османтус
    Жыттуу османтус

Галерея

[түзөтүү |булагын түзөтүү]

Булактар

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
  1. 1.01.1Акируно шаарынын расмий сатындагы шаар боюнча маалыматтар
  2. 2.02.12.2The population of Tokyo Metropolitan Prefecture
  3. 3.03.1Акируно шаарынын тарыхы
  4. Акируного шаар макамынын берилиши
  5. 5.05.15.2Акируно шаарынын топографиясы жана жайгашышы
  6. 6.06.1Акируно шаарынын айланасында абанын орточо температурасы жана жаан-чачындын өлчөмү

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү |булагын түзөтүү]
"https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=Акируно&oldid=495888" булагынан алынды
Категория:
Жашыруун категория:

[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp