Абу-Даби (ар.أَبو ظَبِي) —Бириккен Араб Эмирликтеринин жанаАбу-Даби эмирлигинин борбору. Өлкөнүн саясий, өнөр жай, соода жана маданий борбору. Шаар мурда Абу-Заби деп аталган.
Абу-Даби атылышы араб тилинен которгондо «газелдин атасы» (ар.أَبُو,абу — «ата»,ар.ظَبْي,заби — «газель») деген маанини билдирет. Бул аталыш аймактагы газелдердин санынын көптүгүнөн жана ага болгон аңчылыкка байланышкан элдик уламыштан келип чыккан деп эсептелет[2][3]. Уламышка ылайык Лива оазисин байырлаган мергенчи арабдар аңчылык кылып жүргөн учурунда газелди кезиктиришип, качкан газелдин артынан кууп жөнөшөт. Мергенчилерден качкан газельПарс булуңунан аралга өтө качат. Мерченчилер дагы аралга келип, таза суу булагына туш болушат. Газелди таза суу булагына алып келгендиги үчүн мергенчилер өлтүрүшкөн эмес жана булактын жанында түзүлгөн конушту арабча Абу-Даби же «газелдин атасы» деп атап коюшкан[4].
Шахбут ибн Султан Аль Нахайян — 1928-1966 жж. Абу-Даби эмирлигинин башчысы
Абу-Дабинин айланасында б.з.ч. III миң жылдыкка таандык Умм ан-Нар маданияты сыяктуу тарыхый цивилизациялардын калдыктары бар экендиги археологиялык жактан далилденген. Азыркы Абу-Даби шаарынын чыгыш жана батыш тараптарынан тарыхый конуштардын калдыктары дагы табылган[5][6].
Абу-Даби 1761-жылы негизделген, 1793-жылдан тартып Абу-Дабинин эмири отурукташкан жер[7].
XVIII кылымда Абу-Даби чептен жана аны курчаган дубалдарынын түбүндө жайгашкан балыкчылардын алачыктарынан турган. XX кылымдын ортосуна чейин жашоочулардын негизги киреше булагы болуп балык уулоо жана бермет чогултуу болгон.
XIX кылымда Британиянын Ост-Индия компаниясы Парс булуңуна аскерлерди тынымсыз жөнөтүп турган жана 1820-жылы жети эмирлерди жана шейхтерди, бул аймактагы Англиянын үстөмдүгүн тааныган «Башкы келишимге» кол коюуга мажбурлаган. Жергиликтүү арабдар жана аймак англиялыктар тарабынан «деңиз каракчылары» жана «Деңиз каракчыларынын жээги» деген аталыштырды алган[8].
Шаардын өнүгүү тарыхындагы эң маанилүү окуя 1958-жылы Абу-Дабинин жанында аймактардан ири мунай кендери табылганда болгон[9]. Кендерди казып алуу башталгандан көп өтпөй эле, шаар ири мунай өндүрүүчү жана аны кайра иштетүүчү борборлорунун бирине айланган. 1960-жылдардын башында Абу-Даби кичинекей балыкчылардын конушу болсо, 30 жылдан кийин ал мегаполиске айланган[10].
1971-жылы Абу-Даби Бириккен Араб Эмирликтеринин убактылуу борбору, ал эми 1996-жылдан туруктуу борбору макамын алган[10].
Абу-Даби шаарыАраб жарым аралынын түштүк-чыгыш тарабында,Парс булуңунун жегиндеги аралдарда жайгашкан. Бул аралдарды негизги материктен 250 метр аралык бөлүп турат жана материк менен байланышуу үчүн бир нече көпүрөлөр курулган. Абу-Даби батышынан жана түштүгүнөнРуб-эль-Хали чөлү менен курчалган, ал эми чыгышынан Аль-Айна оазистери жана Хажар тоолору менен чектешет.
Абу-Даби дүйнөдөгү эң ысык шаарлардын бири, климаты тропиктик чөлдүү. Жаан-чачын өтө аз (жылына болжол менен 50 мм) жаайт, жайында абанын температурасы 50°C чейин жетиши мүмкүн жана кум аралашкан бороондор болуп турат[11].
Абу-Даби шаарында эмирликтин федаративдик мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өкмөт жайгашкан. Абу-Даби жети эмирликтин аянты жагынан эң чоңу жана экономикалык жактан эң ийгиликтүү эмирлиги болуп саналгандагына байланыштуу БАЭнин саясий багытында жана экономикасында чечүүчү ролду ойнойт. Абу-Дабинин башчысы жергиликтүү мыйзамдарды чыгаруу, мамлекеттик органдарды түзүү же бириктирүү, ошондой эле бөлүмдөрдүн башчыларын дайындоо бийлигине ээ.
Шаардын аймагында БАЭнин курамындагы башка эмирликтердин өкүлчүлүктөрү, федералдык өкмөтүнүн штаб-квартирасы, Президенттин кеңсеси жана Федералдык Жогорку Кеңештин кеңсеси жайгашкан[12][13][14].
Абу-Даби дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын бири болуп саналат жана дүйнөлүк статистика боюнча товарлардын, кызматтардын рейтинги боюнча 67-орунда турат[18].
2014-жылга карата алынган маалыматтарга ылайык эмирликте 2 650 000 адам жашаган. Алардын 477 000 адамы гана БАЭнин жарандары, ал эми калктын болжол менен 80% чет өлкөлүктөр болгон[19]. Эмирликтеги адамдырдын орточо курагы 30,1 жаш. 2005-жылга карата төрөлүү көрсөткүчү 13,6%, ал эми өлүмдүн көрсөткүчү 2% тегерегинде[20].
Бириккен Араб Эмирликтеринин Конституциясынын 7-беренесине ылайык,ислам мамлекеттик дин болуп саналат. БАЭнин жарандарынын 90% ашыгы мусулмандар[15][17].
Абу-Дабинин негизги аралдары үч чоң автожол жана көпүрөлөр аркылуу бири-бири менен байланышкан[24]. 1968-жылы мурунку кичинекей балыкчылар айылы жайгашкан арал менен бириктирген Аль-Макта көпүрөсү эң эски көпүрө болуп саналат[25], азыр E22 автожолунун бир бөлүгү.
Транспорттун негизги түрү болуп таксилер саналат. Шаар ичинде автобус каттамдагы бар, аялдамалардын бир бөлүгү абаны салкындаткычтар менен жабдылган. Борбордук автобекеттен Абу-Дабиге баш ийген шаарларга жана башка эмирликтерге автобустар менен каттамдар дагы бар.
Шаардын аймагында Абу-Даби эл аралык аба майданы жана Заид терең деңиз порту жайгашкан.
Шаар БАЭнин административдик, каржылык борбору болуп саналат. Экономикасынын негизин мунай жана газды экспортто багыты, кызмат көрсөтүү чөйрөсү түзөт.
Абу-Дабинин четинде Умм-энн-Наре ири нефтехимиялык комплекси, Эль-Муссафахда цемент, түтүктөрдү жана кемелерди куруучу заводдор жайгашкан. Ошондой эле шаардын аймагында пластмасса, эмерек, медициналык аспаптар өндүрүлөт.
Шаарда эл аралык фондулук биржа, товардык биржа, финансылык фьючерстер биржасы, клиринг палатасы жан ири банктар дагы азыркы учурда иштеп келишет.