Movatterモバイル変換


[0]ホーム

URL:


Skip to content

Navigation Menu

Sign in
Appearance settings

Search code, repositories, users, issues, pull requests...

Provide feedback

We read every piece of feedback, and take your input very seriously.

Saved searches

Use saved searches to filter your results more quickly

Sign up
Appearance settings

Modern JavaScript Tutorial in Kyrgyz

License

NotificationsYou must be signed in to change notification settings

javascript-tutorial/ky.javascript.info

Repository files navigation

Бул репозиторийдеhttps://javascript.info колдонмосунун кыргыз тилиндеги котормосу сакталып жатат.

Бул колдонмо англис тилинен которулуп жатат. Котормолорубузда каталар болушу мүмкүн, андыктан каталарды тапсаңыз, алар жөнүндөIssues бөлүмүндө билдирип койгонуңузду суранабыз.

Сиз кантип салым кошо аласыз:

  1. Kyrgyz Translate Progress талкуулоосун карап көрүңүз.
  2. Которгуңуз келген, белгиленбеген макаланы тандаңыз.
  3. Ошол эле талкуулоого макаланын аталышы менен жорум кошуңуз, мисалы,JavaScript'ке киришүү. Ал макаланы сиз которуп жатканыңызды баары билиши үчүн, биздин ботубуз аны талкуулоодо белгилейт. Сиздин жорумуңуз макаланын аталышын гана камтышы керек.
  4. Репозиторийди көчүрүңүз ("Fork" баскычын басыңыз), андан кийин бир макаланы которуп, бүткөндөн кийин, биригүү сурамын жөнөтүңүз (Pull Request). Сурамдын аталышы сиз которгон макаланын аталышына дал келиши керек. Кээ бир макалаларда тапшырмалар, сүрөттөр ж.б. камтылган кошумча файлдар бар. Аларды да которуу керек.

Котормо боюнча суроолоруңуз болсо, котормонун аталышы мененталкуу (Issue) түзсөңүз болот, мисалы: "Translation: Code quality > Debugging in Chrome".

Сиз текстти каалаган редактордо түзөтө аласыз. Бул колдонмо түшүнүүгө оңой болгон кеңейтилген "markdown" форматын колдонот. Ал эми натыйжасын сайтта кандай көрүнөрүн көргүңүз келсе, колдонмону жергиликтүү түрдө иштетүү үчүн анынсервери бар.

Маалымат дагы деле жетишсизби? Кененирээкбул жерде (орус тилинде) окусаңыз болот.

Сураныч, салым кошуучуларга котормоңузду карап чыгууга жана бириктирүүгө же өзгөртүүнү талап кылууга уруксат бериңиз.

Салым кошуучулар жооп бербесе, же салым кошуучу болгуңуз келсе, бизгенегизги репозиторийге жазыңыз.

🎉 Чоң ыракмат!

Котормо жарыяланганда сиздин атыңыз жана салымыңыздын көлөмү "About project" (Долбоор жөнүндө) баракчасында көрүнөт.

P.S. Тилдердин толук тизмесинhttps://javascript.info/translate дарегинен тапсаңыз болот.

Түзүлүшү

Ар бир бөлүм, макала же тапшырма өзүнүн папкасында жайгашкан.

N-url деп аталган папка, мындаN – ылгоо үчүн сан (макалалар иреттелген), ал эмиurl - сайттын URL аталышы болуп саналат.

Папкада төмөнкү файлдардын бири бар:

  • бөлүм үчүнindex.md,
  • макала үчүнarticle.md,
  • тапшырманы түзүү үчүнtask.md (жана ошондой эле анын чечими мененsolution.md, эгерде бар болсо).

Файл анын# Башжазуусу менен башталат, андан кийин Markdown форматындагы текст болот. Аны жөнөкөй текст редакторунда түзөтүүгө болот.

Макала же тапшырма үчүн кошумча булактар жана мисалдар да ошол эле папкада болот.

Котормо боюнча кеңештер

Сураныч, саптарды жана абзацтарды болгондой калтырыңыз - жаңы саптарды кошпоңуз жана учурдагыларды алып салбаңыз. Келечектеги өзгөртүүлөрдү англисче версиясынан котормого бириктирүүнү жеңилдетет.

Эгерде сиз англис тилиндеги версиясын жакшыртууга болорун көрсөңүз – өтө сонун, анда ага сунуш көрсөтүңүз.

Терминдер

  • Кээ бир спецификация терминдерин которууга болбойт, мис. "Функцияны декларациялоо" ошол бойдон калат.
  • resolved promise,slash,regexp, жана башка терминдерди глоссарийде карап көрүңүз. Болбосо,MDN сыяктуу колдонмолордон котормолорду издеңиз.

Мааниси бар терминдер

Англис тилинде көптөгөн сөздөр ачык-айкын мааниге ээ. Англис тилин түшүнбөгөн адам үчүн андай маани жок.

Сураныч, муну эстен чыгарбаңыз, кээде түшүндүрмөлөр же кошумча котормолор керек болот, мисалы:

`ReadableStream` allows to read data chunk-by-chunk.

Англис тилин түшүнгөндөр үчүнReadableStream классынын аталышы ачык мааниге ээ.

Кыргыз тилиндеги котормолорду окуган кээ бир адамдар англис тилин жакшы билбеши мүмкүн. Ошондуктан, кашаанын ичиндеReadableStream'дин котормосун кошо алабыз, мисалы:

`ReadableStream` ("окула турган агым") маалыматты бөлүктөргө бөлүп окууга мүмкүндүк берет.

Код блокторундагы текст

  • Комментарийлерди которуңуз.
  • Колдонуучунун билдирүүлөрүн жана мисал саптарын которуңуз.
  • Өзгөрмөлөрдү, класстарды, идентификаторлорду которбоңуз.
  • Которгондон кийин кодду текшериңиз :)

Мисалы:

// Exampleconsttext="Hello, world";document.querySelector('.hello').innerHTML=text;

✅ Комментарийди которуңуз:

// Мисалconsttext='Салам, дүйнө';document.querySelector('.hello').innerHTML=text;

❌ Классты которбоңуз:

// Мисалconsttext='Салам, дүйнө';// ".hello" бул класстын аталышы// Аны которбоңузdocument.querySelector('.салам').innerHTML=text;

Көңүл буруңуз, кээде коддон кийин сүрөттөр болот, жана эгерде коддогуHello ->Салам текстин которсоңуз, сүрөттөрдөгү текстти да которуу керек.

Бул учурда, балким, мындай текстти которбоо жеңилирээк болот. Сүрөттөрдү которуу жөнүндө кийинчерээк окуңуз.

Тышкы шилтемелер

Эгерде тышкы шилтеме Википедияга алып барса, мис.https://en.wikipedia.org/wiki/JavaScript, жана ал макаланын кыргыз тилинде сапаттуу версиясы бар болсо, анда англисче версиясынын ордуна ошол версияга шилтеңиз.

Мисалы:

[JavaScript](https://en.wikipedia.org/wiki/JavaScript) is a programming language.

✅ Кыргызчалаштырсаңыз болот (en -> ky):

[JavaScript](https://ky.wikipedia.org/wiki/JavaScript) бул программалоо тили.

MDN шилтемелери үчүн жарым-жартылай которулган версиясы болот.

Шилтемедеги макаланын которулган версиясы жок болсо, шилтемени ошол бойдон калтырыңыз.

Метамаалымат

Кээ бир файлдардын, көбүнчөсү тапшырмалардын жогору жагында--- менен чектелген YAML метамаалыматы бар:

importance: 5---...

Сураныч, "importance" (жана башка окшош матамаалыматты) которбоңуз.

Гипершилтемелер (Anchors)

Кээ бир хедерлердин (header) аягында[#anchor] гипершилтемеси бар, мисалы:

##Spread оператору[#spread-operator]

Сураныч,[#...] бөлүгүн которбоңуз жана өчүрбөңүз.

Сүрөттөр

Көпчүлүк иллюстрацияларда SVG форматы колдонулат, андагы текстти которулган вариант менен алмаштырууга болот.

Которулган текст колдонмонун тамырындагыimages.yml файлында жайгашкан.

Файлдын форматы - YAML:

image.svg:# сүрөт файлы"hello world":# англисче сөз айкашыtext:"Салам дүйнө"# котормосуposition:"center"# "ортого" же "оңго" (котормону орто же оң жакка тегиздеш керек болсо)

Дагы бир аз майда-чүйдө нерселер

  • "сиз" деген сөздү жана анын туундуларын кичине тамга менен жазыңыз.
  • Терминди кантип которууну билбей жатасызбы?«Веб-стандарттар» сөздүгү (орус тилинде) жардам берет.
  • Компаниянын аталыштары (Google), китепканалар (Jest) жана кыскартуулар (DOM) которулбайт.

Көңүл бурганыңыз үчүн ыракмат!

Ариет Музирапов@lainde589

About

Modern JavaScript Tutorial in Kyrgyz

Topics

Resources

License

Stars

Watchers

Forks

Releases

No releases published

Packages

No packages published

Contributors733


[8]ページ先頭

©2009-2025 Movatter.jp